Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин “Азаттыкка” билдиришиче азыр айрым депутаттар эртеңки шайлоону утурлай элдин көзүнө илинүү үчүн ар кандай сөздөрдү айтып жатат. Бирок президент кайрылуусунда референдумга элдин сунуш-талабы эске алынган конституция долбоору коюлаарын жана ал жарыялангандан кийин да партия болобу же атуул болобу өзүнүн сунуштарын киргизе алат деп ачык айткан. Ушундан улам бул долбоор ар кандай толуктоолорго ачык. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы бекитилбегендиктен жана Шайлоо кодекси өзгөрүү алдында тургандыктан бул толуктоолор, сунуштар кайсы формада ишке ашат, кандай жол менен жүрөөрү анык боло элек, андыктан алдыда көп уюштуруу иштери бар, дейт саясат таануучу. (EBM)