Азырынча даттануулар жок, деп билдирди Ош шаарынын шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пайзылдаев “Азаттыкка”. Анын айтымында, шаардык кеңешке депутаттыкка шайлоого 93 талапкер катталып, алардын бешөө кайра талапкерлигин алып салышкан. Бүгүнкү күндө жалпы талапкерлердин саны 88, Ош шаардык кеңешке депутаттыкка шайлоо 7-октябрда өткөрүлөт. Шаардык кеңешке 30 депутат шайланат. (AJ)