Секелек кезинен ырга ынак өскөн Кайыргүлдүн ырчы болсом деген ышкысы мектеп босогосун аттагандан тутанат. Күн айга, айлар жылга айланган сайын кантип, кайда барып ырчылыктын окуусун окуйм дегенде ак эткенден так этет. Убакыт да учкан куштай канат сермей берди. Кайыргүл да мезгил менен тең жарыша өсүп, орто мектепти ийгиликтүү бүтүрөт. Ал ордо калаадагы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун биология факультетине келип кирет. Студенттик турмуш башталат. Кайыргүл өзү жактырып кирген окуусуна канчалык берилип, канчалык сүйүп окуса да, ырчы болсом деген тилектенүү, эңсөө басса-турса да жанын жай алдырбайт.
Күндөрдүн биринде республиканын маданият министрлигинен үч-төрт кызматкер Кайыргүл окуган институтка келишет. Алардын арасында Москва консерваториясынан келген өкүл да бар эле. Алардын институтка келгендеринин негизги максаты – музыкалык угуму мол, мукам үндүү, келечекте мыкты профессионал ырчы боло турган таланттуу кыздарды Москвадагы П.Чайковский атындагы консерваториянын аваздык (вокалдык) факультетине мүчөлөрү ондогон кыздарды ырдатышат. Алардын ичинен Кайыргүл комиссияга шыңгыр үнү, шыңга бойлуу, аксаргыл ажарлуу жүзү – деги бардык турпаты менен жагат. Ошентип, жаш бийкеч музыкалык жактан караандай сабатсыз болсо да мыкты ырдаганы, үнүнүн туубаса тунуктугу, музыкалык угумунун күчтүүлүгү менен консерваторияга кабыл алынат. Музыкалык сабаттан кыпындай да кабары жок Кайыргүлдү орустун тажрыйбага бай атактуу ырчылары, профессорлору профессионалдык ырдоонун түпкүрдөгү түрдүү сырларына үйрөтүшөт. Кайыргүл да педагогдорунун айткандарын эки детпей, эринбей нака профессоиналдык ырчылыктын кереметтерин сабак алат. “Көшөрө эмгектенсең кызара бөртөсүң” дегендей ал талыкпаган эмгектенүүнүн аркасында консерваторияны ийгиликтүү бүтүрөт.
1962-жылдан Кыргыз Улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында солист болуп иштейт. Кайыргүл 45 жылдын аралыгында кыргыз, орус жана дүйнөлүк ысымдагы композиторлордун ондогон операларындагы башкы ролдорду аткарып - көрүүчүлөргө ыракат тартуулайт. Көрүнүктүү ырчы ролдорду аткаруу, арияларды ырдоо менен бирге кыргыз композиторлорунун, обончуларынын ондогон патриоттук, лирикалык ырларында алгачкылардан калк алдына ырдап чыгып, өлбөс өмүр жаратат. Ошондой ырлардын бири дирижер, композитор Насыр Давлесовдун “Жылкычы бозой” аттуу ыры. Бул ырды Сартбаева калк алдына алгачкы жолу кандайча жайгдайда ырдап чыкканы тууралу мындай дейт:
- 1966-жылы Насыр Давлесов байкем айтып калды: - Каке бир-эки ыр жаздым. Композиторлор союзунун кеңсесинде угуп, талкуулайбыз. Келип угуп көрбөйсүңбү деп. Макул деп композиторлор союзуна бардым. Композиторлордун баары бар экен. Давлесов: - Ырдын сөзү акын Байдылда Сарногоевдики. Ырдын аты “Жылкычы бозой”. Музыкасын мен жаздым, деп мага нотасын берди. Анан азыр ырдап көрөлү, жакса ырдап жүр – деди. Концертмейстр К.Макдаканованын коштоосунда ырдадым. Ыр мага жакты. Көп узабай эле филармониянын чоң залында малчылардын республикалык жыйыны болуп калды. Ошондо биринчи жолу ырдап чыктым. Эл жакшы кабыл алды. Танапис учурунда узун бойлуу, кара чачтуу балбылдаган көздүү акын Байдылда Сарногоев басып келип: - О, Каке аябай бир жаркты жазып койбодуңбу. “Жылкычы бозойго” сен эми өмүр бердиң. “Жайлоонун ырчысы сенсиң бозой” деген сөздөрдү так, даана, таза айтканың аркылуу менин жүрөгүмдөн чыккан акындык дарметимди бердиң. Эми “Жайлоонун сенсиң ырчысы бозой” дегенде тим эле көзүмөн жаш чыгып кеткендей болдум. Эми ушундай кыргыз ырлары аркылуу элдин жүрөгүнө жетесиң – деп айтты. Маркум Байдылда агай о дүйнөгө кетти. Азыр ойлосом агайдын айтканы чын болду. “Жылкычы бозойу” симфониялык оркестрдин коштоосунда элге жайылып кетти. Мен ойлойм “Жылкычы бозой” азыр классикалык ыр катары калды го деп.
“Жылкычы бозой” (үзүндү)
Аргымак минип туйлаттың бозой,
Ай жарык тоодо түн каттың бозой
Анда бир санда көрүнүп коюп,
Ашыктык отун ырбаттың бозой.
Ырбаттың бозой,
Ырбаттың бозой,
Жылкычы бозой.
Кайталап созгон үнүңдөн бозой,
Кайраттуу эрдей түрүңдөн бозой
Кызматка кабак түйбөгөн бозой,
Кыздардан бирок сүрдөгөн бозой
Түйбөгөн бозой,
Сүрдөгөн бозой,
Жылкычы бозой.
- Кайыргүл айым, айтылуу Атай, Муса, Жумамүдүн баштаган обончулардын ырлары менен бирге өзүң менен замандаш обончулардын ырларын да алгачкылардан симфониялык оркестрдин коштоосунда ырдап, ырахат тартуулап келүүдөсүң. Маркум Канымгүл Досмамбетованын “Кызыл өрүк” аттуу ырын өзүн ойлогондой деңгээлде аткардым деп эсептейсиңби?
- Чындыгында маркум Канымгүл кыздардан чыккан таланттуу обончу, ырчы алтындай айым эле. Жылы, айы азыр эсимде жок Нарында малчылардын жыйыны болуп калды. П.Кулатов жетектеген чоңдор менен артисттер да барып калдык. Ал кезде клубдар жокко эсе эле. Ачык асмандын алдында , тоонун боорунда жыйын өттү. Эл аябай көп болду. Ошондо Канымгүл комуздун коштоосунда өзүнүн “Кызыл өрүгүн” ырдады. Обону да, сөзү да абдан жакшы экен. Баарыбыз эле кызыгып калдык. Биз чоң концерт бердик. К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдадык. Концертте А.Мырзабаев, К.Чодронов, М.Махмутова ырдады. Концерттен кийин Канымгүл басып келип: - Кайыргүл кандайсың, жакшы ырдадың. Эл да жакшы кабыл алды. Менин сенден бир өтүнүчүм бар. Жанагы мен ырдаган “Кызыл өрүктү” уктуңбу деди. Ооба уктум, обону да, сөздөрү да мыкты экен. Сөздөрүндө жаратылышка болгон кусалык, кооздукту укмуштай баяндаптыр, - десем. Канымгүл ошол айткандарың сенин үнүңө укмуштай жарашат эле – деди. Макул ырдайын, мага ыр абдан жакты. Мага ал 2-3 жолу ырдап берди. Дароо жаттап алдым. Кулагыма сиңип калды. Шаарга келдик. Калый Молдобасанов агай Нарындан “Кызыл өрүк” деген ырды угуп келдим. Жакшы ыр экен. Ошонун обонун ырдап берейин. Оркестр үчүн иштеп чыксаңыз деп, ырдап бердим. Калый аке бул ырды билем, угуп жүрөм – деди. Бат эле Калый агай иштеп чыкты. Мен бир чоң мааракеде ырдап чыктым. Ошондо Канымгүл мага келип, “мен ыраазымын, ыраазымын айнайын деп, кучактап кубанганынан шолоктоп ыйлап ийген эле. Ошентип “Кызыл өрүк” радионун алтын фондусунда калып калды.
“Кызыл өрүк”
Жазда келем айлына кызыл өрүк,
Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп,
Күндө отуруп түбүңдө искеп жытын,
Карай берем кайталап көңүл бөлүп,
Ого бетер буруксуп мени тиктеп,
Болгонсудуң өмүргө өзүң шерик.
Күндөгүдөй күлүңдөп мага кара,
Коштошууга кол берип келдим сага,
Атыр жытың жыттайын, аябачы,
Белек болсун өзүңдөн ошол гана...
Неге мынча бук болом камыкансып,
Ысыйт денем алоолоп улам жана.
- Кайыргүл айым, угуучулардын арасында маркум Калый Молдобасанов “Көл вальсы” ырын атайын Кайыргүлгө арнап жазган деген кеп-келечтер айтылып калып келет. Ошол чын беле?
- К.Молдобасановдун “Көл вальсында” татынакай берметибиз көлдүн сулуулугу, кереметтүү абасы касиети баяндалат. Аны барыбыз эле сезебиз. Илгери Комсомол айылында композиторлор союзунун кичинекей пансионаты бар эле. Ошол жакка он күнгө путевка алып барып калдык. Калый агай көлдү карап туруп: - Карачы Кайыргүл кантип суктанбайсың. Кереметтин баары суусунда, тазалыгын, сулуулугун карачы, бүт сырдын бары ушунда. Акын Омор Султановдун мына бул ырын окуп көрчү – деди. Анан кээ бир кайрыктарын Калый агай кыңылдап ырдады. Кийин Калый агай кол жазмасынын үстүнө: - Сенин сүйүктүү ырың, сүйүктүү добушуң, өзүңдүн келбетиң, өзүңдүн жыштыгың” деп жазып берген эле. Ал нотаны азыркы кезге чейин сактап жүрөм. Ошентип “Көл вальсы” көлдүн жээгинде жаралды. Калый агай ырдап көрчү – деди. Мен ырдадым. Аябай жакты. Агай бир козуну алып келип сойду. Ошентип “Көл вальсынын” бет ачаары өзүнчө бир майрамдай болгон эле. Кийин Ысыккөлдө областык телевидение ачылып калды. Обкомдун жетекчилери “Ысыккөл вальсын” радионун, телевидениенин позывный (бет ачаары) кылып берип жүрүштү. Мен аябай сыймыктанчумун. Ошол ырда радионун алтын фондусунда бар.
“Көл вальсы”
Жай, кышы бийлеп сайран куруп.
Толкундар желге ойногон.
Ак куудай канат жайган булут,
Кылаалап көлдү бойлогон.
Ысыккөл өмүр жыргалындай,
Махабат ырындай.
Ысыккөл жаштык жыргалындай
Сүйүүнүн ырындай
Кайырма:
ля, ля, ля...
Ысыккөл өмүр жыргалындай,
Махабат ырындай,
Ысыккөл жаштык жыргалындай,
Сүйүүнүн ырындай, ырындай.
Күндүзү көлдүн көркүн кара,
Аккуулар сүзүп баратат,
Чолпондой кыздын көркүн кара,
Көргөндөй мени каратат,