Концертке буга чейин УТРКда көрсөтүлүп келген “Алатоо таңшыйт” теледолбоорунда ырлары тартууланган ырчылар катышты. Кече үч саатка созулуп, улуу-жана кичүү муундун ырчылары 60-70-жылдардагы ырлардан жана жаңы чыгармаларын тартуулашты.
Концерттин соңунда айрым көрармандар менен маектешкенибизде кээ бирлери кече жаккандыгын айтышса, айрымдары уюштуруу иштериндеги кемчиликтерди белгилешип, жарнамада айтылган ырчылар толугу менен катышпагандыгына нааразычылыктарын билдиришти. Уюштуруучулар эми бул концертти салтка айландырып, жылына өткөрүүнү көздөшүүдө.
21-сентябрда улуттук опера жана балет театрында Иван Тургеневди эскерүүгө арналган адабий-музыкалык кече өттү. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган бул иш-чарада маркумдун чыгармалары жаңырды. Ошондой эле көрүүчүлөр музыкалык номерлерге, бийчилердин өнөрлөрүнө күбө болушту.
Бул жумада мамлекеттик тил күнүнө карата маданий иш-чаралар уюштурулду. Атай кетсек Аалы Токомбаев музейинде борбордогу мектеп окуучулары үчүн “Эне тил” аттуу кече уюштурулуп, анда орус улутундагы улан-кыздар үчүн атайын сынактар өткөрүлдү.
Бул жумада Анапа шаарында КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн “Киношок” эл аралык кинофестивалы өттү. Он алтынчы ирет уюштурулган бул фестивалда жалпысынан 100 тасма сунушталган. Анын ичинде белгилүү киноишмерлердин да, ошондой эле жаш режиссерлордун фильмдери бар. Ал эми Кыргызстандан Темир Бирназаров тарткан “Айтыш фильм” студиясынын “Парз” тасмасы, Талгат Асранкуловдун “Бейиштин чымчыктары” фильми тартууланды.
Куудул Талант Анарбаев, ырчылар Урмат Усенов жана Неля Орусиядагы кыргыз диаспораларынын чакыруусу менен Орусиянын Екатеринбург,Казань, Питер жана башка бир катар шаарларында концерт уюштурушкан. Ырчы Урмат Усенов Кыргызстандан ырчы-куудулдар тез-тез эле барышып тураарын, жана ошондой эле ал жактагы кыргыздар өздөрү дагы байма-бай маданий иш-чараларды уюштуруп турушаарын белгиледи. Эми ырчылар алдыда Кытайдагы кыргыздарга барып, концерт берүүнү ниет кылышууда.
Учурда Республикалык “Айтыш” коомдук корунун “Калемгер” адабий клубу жалпы жазмакерлерге мыкты аңгемелер жана пьесалар үчүн жарыялаган сынак жүрүп жатат. Кыргыз адабиятын жандандыруу максатында бул уюшулган сынакка жаш жагынан чек коюлбай,республика боюнча баардык акын-жазуучулар катыша алышат. Сынакка чыгармалар онунчу октябрга чейин кабыл алынат. Андан соң баардык эмгектер атайын түзүлгөн калыстар тобунун колуна тапшырылып, алар жеңүүчүнү аныкташат. Соңунда тандалып алынган чыгармалардан турган “Булак 3 аңгемелер” топтому жана “Булак 2” пьесалар топтому жарык көрмөкчү. Ал эми мына ошол китептин бет ачаар аземинде жеңүүчүлөргө белгиленген акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.
20-21-кылым аралыгындагы кыргыз көркөм өнөрүнө сереп салган “Кыргызстандагы көркөм өнөр” аттуу жыйнак жарык көрдү. Анда живопись, графика жанраларынын тарыхы, өнүгүшү тууралуу маалыматтар орун алган. Ошондой эле 400дөй көркөм эмгектер сыпаттамалары менен берилген. Бул жыйнак окуу жайларга, китепкана-музейлерге таркатылат.
Бүгүн Бишкекте маданияттын жана көркөм өнөрдүн “Кыргыз-Жапон” фестивалы өтөт. Фестивалдын жүрүшүндө кыргыз—жапон ырлары аткарылып, классикалык музыкалар тартууланат. Ошондой эле жапондордун улуттук кийимдеринин көргөзмөсү болот. Бул иш-чарага Жапониядан да коноктордун келеери күтүлүүдө.