Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:08

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бүгүн Бишкекте обончу, аткаруучу
Бек Борбиев бенефис концертин тартуулайт. Бишкектеги концерттен соң Кыргызстандын аймактарын кыдырып, элет тургундарына концертин тартуулайт.

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театры бул жумада тартуулашат. Ошондой эле аталган театр англис драматургу Дельмардын “Жашоо деген көп чекит” аттуу жана кыргыз драматургу Кайрат Иманалиевдин “Актриса” спектаклин тартуулоону көздөшүүдө.

25-сентябрда Бишкекте “Метробиш” долбоорунун бет ачаары болот. Ага Кыргызстандын жаш сүрөтчүлөрү жана Словениядагы прикладдык көркөм өнөр мектебинин студенттери катышат. Анда мультимедиялык иштер, видеосюжеттер, түрдүү жанрдагы көркөм сүрөттөр коюлат.

27-сентябрдан тарта 29-сентябрга чейин Бишкекте жана Ош, Жалалабад дубандарында даректүү тасмалардын бир “Бир дүйнө” эл аралык фестивалы өтөт. Анын алкагында кыргыз, француз, чех режиссерлору тарткан, адам укугун коргоо сыяктуу маселелерди козгогон фильмдер тартууланат.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин көргөзмөсү өтүүдө. 24-26-сентябрга чейин Кыргыз-Артекс көркөм өнөр борборунда америкалык сүрөтчү Кендал Генри кыргыз сүрөтчүлөрүнө устаттык сабактарды өткөрөт. Ал эми 28-сентябрда сүрөтчүлөр Евгений Высокогоров жана Марина Громованын эмгектеринен турган көргөзмө ачылат. Анда сүрөтчүлөрдүн графика, живопись жанрындагы эмгектери коюлат.


Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG