Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Раимкул Аттокуров Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүндө тигилген кийимдер жарманкесинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал Кыргызстанда жеңил өнөр жайдын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн айтып, учурда «Made in Kyrgystan» деген эн белгидеги тигилген кийимдер Орусияда эле эмес, КМШдагы башка мамлекеттерге белгилүү болуп, атаандаштыккка туруштук бере алган, талап чоң маркага айланып баратканын кошумчалаган. Бул тууралуу ТИМден кабарланды. (EBM)