Орозо кармагандардын ичинде ооз ачуу жана ооз бекитүү боюнча түзүлгөн график убактысынан, улуттук 1-канал ооз ачаарда берчү азандан кечигип калгандар эле абдан убайга түшүп, орозобуз каза болду деп түшүнүшкөндөр кыйла. Бишкек шаар казысынын орунбасары Алмамбет Сүйөркулов графиктен жарым саатка чейин кечиксе да эчтеке болбостугун эскертти. Анткени график жарым сааттай убакытты алдын ала кармоо менен түзүлүптүр. Ал эми орозо кармаган адам ойгоно албай калып саарлыктан кечиксе – таң аппак атып же күн чыгып калган болсо, анда ал адам саарлык ичпей эле ооз-несин жууп, орозосун уланта бергени туура.
Алмамбет Сүйөркулов орозо питирди мечитке эмес, колунда жок, кыйналып жашаган адамдарга, үй-бүлөлөргө берсе деле болорун, бирок тигилер канчалык деңгээлде жарды экендигин аныкташ мүмкүн эмес экендигин, ошондуктан бүт орозо питирлерди мечитке чогултуу, кийин аларды жарды-жалчыларга таратып берүү боюнча муфтият чечим чыгарганын белгилеп өттү.
Ооз жабык учурда жуунуу үчүн да өзгөчө талап бар. Этияттанып жуунуш керек зарыл учурларда гана. Ысык буулуу мончого түшүшкө болбойт. Ошондой эле даарат алып жатканда оозго суу алып, мурунга суу алып мурдагыдай чалкалоо менен гар-гар кылышка уруксат кылынбайт.
Орозо учурунда үйлөнсө болобу деген суроолор, албетте, арбын түшөт. Молдо Мелис Тургунбаев: “Орозодо үйлөнүүгө болбойт,” - деди кесе. Анткени орозодо – ооз бекиген учурда эркек-аялдын жакындашуусуна тыюу салынган. Пенделер – аял-эркек бири-бирине куштарланбай, Жаратканга зүкүт салыш керек.
Ал эми орозо айт менен курман айттын ортосунда да үйлөнүүгө болбойт экен деген түшүнүктү Алмамбет Сүйөркулов четке какты:
- “Арай” деп коюшат эки айттын ортосундагы мезгилди. Ошол учурда үйлөнүүгө болбойт деп кураний-каримдин эч жеринде жазылган эмес. Мындай сөздөр эл ичинде эле айтылып жүрөт. Туура эмес.
Сүйүн-ажы Ашбаевдин айтуусунда, иптарлык – ооз ачыруу кандайдыр бир кечиримдүү шарттар менен орозо кармай албай калган адамдардын кечирим алуусунан улам чыккан. Рамазан айында кимде-ким канча кишиге ооз ачырып – даам сыздырса ошончо сооп табат. Орозо кармаган адамдар ооз ачырса – ого бетер сооп табат.
Сүйүн-ажы Ашбаев орозодо аялдарга жеңилдиктер каралгандыгына да токтолду. Анын айтуусу боюнча, орозо учурунда аялдардын айызы келип калса – ошол күндөрү орозосун токтотуп, орозодон кийин толуктап кармап коюш керек.
Кечиримдүү себептер менен орозо кармабай калган күндөрдү кайра орозо кармап толтурууда да өзгөчөлүк бар. Карыз үчүн орозо-айт күнү орозо кармоого болбойт. Анткени, орозо айт рамазан айынын эсебине кирет.
Сүйүн-ажы Ашбаев ооз ачар, саарлык тамактарын даярдап, жардам берген адамдарга да сооп көп экендигин эскертти.
Учурдагы орозо 11-октябрдын кечинде аяктап, орозо айт 12-октябрда болот.