Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

ПАКИСТАНДА “ДОРДОЙ-ДИНАМО” КОМАНДАСЫ ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ


“В” тобунда “Дордойдун” футболчулары биринчи беттешүүдө Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Кхемара” командасын каршы алып, аларды 4:0 эсебинде ишенимдүү утуп алышкан эле. Мында “Дордойдун” чабуулчусу Азамат Ишенбаев үч жолу атаандаштардын дарбазасына топту таамай багыттап, айырмаланды. Төртүнчү голдун ээси Андрей Краснов болду.

Нарындын “Дордой- Динамо” командасынын андан кийинки атаандашы Непалдын чемпиону “Махендра Полис” командасы болуп, алар менен жекшембинин түнүндө беттешти. Аларды дордойчулар 3:0 эсебинде утуп, жарым финалда ойноого укук алышты. Бул беттешүүдө 23 мүнөттө эсепти “Дордой- Динамо” командасынын чабуулчусу Игорь Кудренко ачып, өнөктөштөрүн алга сүрөдү. Андан кийин команданын капитаны Руслан Сыдыков менен чабуулчу Андрей Краснов айырмаланып непалдыктардын дарбазасына эки топту таамай багыттады.

“В” тобунда Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Кхемара” командасы Тайвандын “Татунг” командасын 1:0 эсебинде жеңип, экинчи орунду ээлегени менен упайлардын айырмасы боюнча эми алар дордойчуларды кубалап жете албайт.

Бүгүн 25- сентябрда түндөсү “Дордой-Динамо” командасы үчүнчү беттешүүсүн Тайван өлкөсүнүн чемпиону “Татунг” командасы менен өткөрөт.
“Дордойчулардын” негизги атаандашы боло турган Тажикстандын чемпиону “Регар” командасы “А” тобунда Бутан, Пакистан өлкөлөрүнүн чемпиондорун утуу менен алар дагы жарым финалга чыгышты. Эми тажикстандык футболчулар Шри-Ланканын чемпиону СК “Ратнам” командасы менен да бүгүн 25- сентябрда күч сынашмакчы.

Жарым финалдык таймашуулар 28- сентябрга белгиленди. Мында Нарындын “Дордой-Динамо” командасы “А” тобунда экинчи орунду ээлеген команда менен беттешет. “А” тобунун лидери Тажикстандын чемпиону “Регар” командасына “В” тобунда экинчи орунга ээ болгон команда атаандаш болмокчу.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча агентигинин жетекчиси Бектур Асановдун пикиринде, Нарындын «Дордой- Динамо» командасы финалга чыкса негизги атаандашы тажикстандык футболчулар болушу ыктымал.

- Бул өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы мелдеш. Азияда футболдун деңгээли көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде өз тобунда “дордойчулар” атаандаштарын утуп алдыга чыкканы дурус болду. Эми кыргызстандык жигиттер жарым финалда жеңсе былтыркыдай тажиктер менен финалда таймашуусу ажеп эмес. Алардан быйыл утулуп калышы да толук ыктымал. Себеби тажиктердин чеберчилиги жогору.

Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна арналган мелдеште быйыл дагы тажикстандык футболчулар негизги атаандаш болуп калышаарын команданын чабуулчусу Замир Жумагулов билдирген эле.

-Чынында Пакистандагы Азия Кубогуна жакшы эле даярдык көрдүк.Балким финалга кайрадан тажиктер менен чыгып калышыбыз да ыктымал болуп турат.

Былтыр Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсү Нарындын «Дордой- Динамо» командасына 50 миң америка доллары жана Чоң күмүш кубок ыйгарылган. Ал эми экинчи орунду камсыз кылган командага 25 миң доллар байге берилип жүрөт.

Бул Азиялык футбол таймашына Камбоджа, Бутан, Тайвань, Шри-Ланка, Непал, Тажикстан жана Кыргызстандын чемпиондору катышып келүүдө.
Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгон. Быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат.

Былтыр Кыргыз футболунун тарыхында биринчи жолу Азиянын Футболдук континенталдык федерациясынын Президентинин кубогун Нарындын “Дордой-Динамо” командасы утуп, футбол күйөрмандарын кубанычка бөлөгөн.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG