Бул тууралуу бүгүн облустун губернатору Байымбет Мураталиев облустук акимчиликтин залында мекеме, уюмдардын жетекчилери менен болгон жыйынында билдирди. Губернатор президент менен болгон жолугушууда облустагы 60тан ашык мекеме, уюмдардын кызматкерлери толук катышуусун талап кылып, жолугушуу Карабуура районунда жана Талас шаарынын түндүк жагындагы Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо өтө турганын айтты. Облустун башчысы мекеме, уюмдун жетекчилеринен жаңы Конституциядагы өзгөртүүлөрдү карап чыгып, ага толуктоолорду киргизүүгө өз салымдарын кошушун суранды. Президенттин келе турган так мөөнөтүн губернатор айткан жок. (UA)