ЯНГОН. Мианмада буддист - кечилдер баштаган миңдеген адамдар өкмөткө каршы демонстрация өткөрүштү. Мындай массалык жүрүш өлкөдө 1988-жылдан бери болуп көрбөгөн. Демонстранттар адегенде өлкөнүн ыйык жери болуп эсептелген Шведагон Падогасына барып, андан соң шаар көчөлөрү менен өтүштү. Нааразылык акциялары август айында күйүүчү майдын кымбаттаганына каршы башталып, кийин өлкөнү башкарып жаткан аскердик хунтага каршы багытталды.
Мианмада будист - кечилдер баштаган миңдеген адамдар өкмөткө каршы демонстрация өткөрүштү