Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:06

КАЗАКСТАН ЕККУга ТӨРАГАЛЫК КЫЛУУГА УМТУЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Эки айдан кийин Мадрид шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун кезектеги бийик жолугушуусу өткөрүлөт жана анда - уюмга 2009-жылы Казакстан төрагалык кылуу маселеси чечилүүгө тийиш. Өткөн аптада өлкөнүн мамлекеттик катчысы Вена шаарында чыгып сүйлөп, уюмга мүчө-мамлекеттердин колдоосун алды.

Казак мамлекеттик катчысы Канат Саудабаев Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Вена шаарындагы Туруктуу кеңешинде 20-сентябрда чыгып сүйлөп, Казакстандын жетишкендиктери жөнүндө айтып берди. Анын билдиргенине караганда, Казакстан бул уюмга 2009-жылы төрагалык кылса, ал - Батыш менен Чыгыш ортосунда көпүрө болуп, регионалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшө алат. Жыйындан кийин журналисттер менен жолукканда, Саудабаев - казак талапкерлигине бардык мамлекеттер колдоо көрсөткөндөй болду деп билдирди.

Өлкө президенти Нурсултан Назарбаев болсо жекшемби күнү Нью-Йорк шаарына учуп келди жана Бириккен Улуттардын Жалпы ассамблеясынын сессиясында чыгып сүйлөгөндө башка маселелердин арасында Казакстандын европалык уюмга төрагалык кылуусу жөнүндө дагы айтаары күтүлүүдө.

Маселе уюмдун былтыр өткөн бийик жолугушуусунда каралып, Астананын талапкерлиги четке кагылган. Көпчүлүк саясатчылар анда - өз мамлекетинде демократиялык тартип орното албаган өлкө демократия үчүн күрөшкөн уюмга төрагалык кылбаш керек деп чыккан. Анткен менен расми чечимде - маселе келерки бийик жолугушууда каралыш керек деп жазылган жана чечим эми - 29-ноябрда Мадрид шаарында баштала турган саммитте кабыл алынууга тийиш.

Саудабаев Венада чыгып сүйлөгөндүн эртеси, 21-сентябрда адам укуктарын коргогон бир нече эл аралык уюм АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райска ачык кат менен кайрылып, Казакстандын төрагалыгы боюнча маселеде Вашингтон өзүнүн катуу турумун өзгөртпөш керек деп билдирди. Ал катка кол койгондордун арасында - "Фридом хауз" уюмунун аткаруучу деректири Женифер Виндзор, Адам укуктары боюнча эл аралык лиганын президенти Роберт Арсено, "Хюман райтс вотч" уюмунун Вашингтон бюросунун деректири Том Малиновски жана башкалар бар.

Алардын айтымында, эгемендүүлүк жылдары учурунда Казакстанда өткөрүлгөн бир дагы шайлоону Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму өзү демократиялык өттү деп тааныган эмес жана ушул уюмга Казакстан төрагалык кылганы - уюмдун өзүн кордогонго барабар болот. Мисал катары - 2005-жылдын декабрында өткөрүлгөн президенттик жана жакында августта өткөн кезексиз парламенттик шайлоо учурундагы көптөгөн кемчиликтер келтирилет. Шайлоонун натыйжасында парламенттин ылдыйкы палатасындагы бардык орундарды президент Назарбаевдин партиясы утуп алган.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулар тобунун жетекчиси Любомир Копайдын пикиринде, мындай жыйынтыкты демократиянын тарашы катары баалап мүмкүн эмес: "Бир дагы демократиялык өлкөдө парламенттеги бардык орундар бир гана партияга таандык болгонун мен байкоо учурунда эч качан көргөн эмесмин", - деп билдирди Копай сентябрдын башында.

Кондолдиза Райска кат жазгандар болсо - Заманбек Нуркадилов же Алтынбек Сарсенбаев сыяктуу оппозициялык саясатчылар мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн дагы мисал катары келтирет. Алардын пикиринде, Казакстан төрагалык кылса, уюмдун өзүнүн гана кадыр-баркы төмөн түшөт жана аны менен адам укуктарын бузуп келген башка мүчө-мамлекеттерге туура эмес белги берилет.

Буга чейин Казакстандын талапкерлигине АКШ менен Британиянын өкүлдөрү каршы чыгып келген, Орусия болсо ага катуу колдоо көрсөтүүдө жана европалык мурдагы советтик жумурияттарга уюм кош-стандарттуу мамиле кылат деп айтып келет.

XS
SM
MD
LG