Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

АМЕРИКАЛЫК СҮРӨТЧҮНҮН САБАКТАРЫ


Америкалык сүрөтчү Кендал Генри Бишкекке келип, кыргыз көркөм ишмерлерине устаттык сабактарды өтүүдө.

Кендал Генри Бишкекке “Артс-линк” уюмунун чакыруусу менен келген. Ал “Көркөм өнөр коомчулук айдыңында” аттуу долбоордун негизинде кыргыз сүрөтчүлөрүнө, айкелчилерине “Паблик Арт” көркөм өнөрү, анын негизинде долбоорлорду жаратуу боюнча тажрыйба бөлүшүүдө.

“Паблик Арт” же “Коомчулук айдыңындагы көркөм өнөр” деп сүрөтчүнүн же айкелчинин эркин иштөөсүн түшүнсө болот. Башкача айтканда көркөм өнөрдүн бул багытында эмгек жаратууга атайын устакана же болбосо материалдар керектелбейт.

“Паблик Арт” көркөм өнөрүнүн дагы бир өзгөчөлүгү бир гана професионал адистерге таандык эмес, башкача айтканда көркөм өнөргө тишеси жок адамдар деле бул өнөрдүн ээси боло алышат. Мисалы, жол жээгинде жаткан таштарга, өсүп турган теректерге өзүңдүн фантазияңа жараша оюм-чийим, сүрөт тартып коюунун өзү эле “Паблик-арт” багытына кирет. АКШдан келген сүрөтчү Кендал Генри бул өнөрдүн заманбап усулдары тууралуу дарстарды өтүүдө.

-Мен мурунку союздук өлкөлөрдүн дээрлик баарын кыдырдым, ошондой эле Орусиянын бир катар шаарларында болуп, тажрыйбам менен бөлүштүм. Ал эми Кыргызстанга экинчи ирет келишим. Башкача айтканда мындан эки ай мурда келип “Паблик Арт” багыты боюнча бир катар иштерди жасаганбыз, мына ошондо кыргыз сүрөтчүлөрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду. Мен алардын жасаган эмгектерин көрүп, алдыңкы сүрөтчүлөрдүн катарына киргизүүгө боло тургандыгына жана америкалык сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгы менен салыштырууга болооруна көзүм жетти,- деди Кендал Генри.

-Мыкты адис болуш үчүн көркөм өнөр чөйрөсүндөгү жаңылыктардан сөзсүз кабардар болуш керек, андыктан бул иш-чарага тиешелүү окуу жайлардын студенттерин чакырганбыз бирок айрымдары гана келишти. Чет өлкөдөн мындай мыкты адистер дайыма эле келе беришпейт. Андыктан баары келишсе жакшы болмок- деди "КыргызАртекс" көркөм өнөр борборунун жетекчиси Шаарбек Аманкул.

Шаарбек Аманкулдун сөзүн улай сүрөтчү Сыдыкбек Сатаркулов: -Сырттан адистердин келгени жакшы, бирок алар кандай тажрыйба бөлүшөт ал өзүнчө суроо, мисалы мындан мурунку келишиндеги өткөргөн устаттык сабактары жакшы таасир деле калтырган жок деди. Биздин короо-жайды жыйнап эле кетип калышкандай таасир калтырды деген пикирин билдирди.

Кендал Генринин Бишектеги чыгармачылык сапары үч күнгө созулат. Ал эми ноябрь айында кыргыз сүрөтчүлөрү тажрыйба алмашуу иретинде АКШга сапар алышмакчы.

Шаботоева Айжан,Бишкек
XS
SM
MD
LG