Сессияда каралган эс алуу сезонунун жыйынтыгы жана социалдык абал жөнүндөгү маселелерден айрыкча мал ылаңына басым коюлду. Тамчы айылынын депутаты Жээнтаев шарп, бруцеллез, кутурма оорусу эрте жайда башталганы менен туристтик сезонго кедергиси тийбесин деп жашырылып келгенин билдирди. Кутурган карышкыр тиштеген уй өрттөлбөй, тайыз көмүлгөнү кооптуу деген адистер Ортоөрүктү айылынан эки жыл мурун кутурмадан каза болгон баланы эске салды. Учурда Ананьево айылында дагы койлор белгисиз ылаңдан кырылып атканы айтылды. Ал эми референдумду элге түшүндүрүүнү талап кылган аким Мансуров Баш мыйзам долбоору Атамбаевдики, оппозиция ошон үчүн кол чаап атат деп билдирди. (RB)