Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

ГЭС КУРУЛА ЭЛЕК, ГАЗ КАЗЫЛА ЭЛЕК


“Камбарата 1 –2” электр станцияларынын курулушунун алгачкы техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга кызыкдар компаниянын аздыгынан кыргыз өкмөтү сентябрда өтчү тендерди эки айга артка жылдырды. Ири инвестициялык долбоорго орусиялык, казакстандык компаниялар катышууга ынтызар экенин өкмөт эки жылдан бери айтып келатат. Бул тууралуу кечээ маалымат жыйынында Өнөржай, энергетика жана отунсуу ресурстары министри И.Чудинов маалымдады.

Кыргыз өкмөттүк делегациясынын Орусияга иш сапарында негизинен экономикалык маселелер козголгонун Өнөр жай, энергетика жана отунсуу ресурстары министри Игорь Чудинов маалым кылды.

- Биринчи иретте бул «Камбарата – 1 – 2» электр станцияларынын курулушуна орусиялык тараптын катышуу маселеси. Өткөн жылы кол коюлган өкмөттөр аралык келишим боюнча Oрусия тарап курулуштун алгачкы техника-экономикалык негиздемесин каржылоого катышат. Ошондой эле алар станцияларды курууга да кызыкдар. Алгачкы негиздемени иштеп чыгууга катышуучуларга конкурс жарыяланган. Тилекке каршы, аны өткөрүү жөрөлгөсүнүн бузулушуна, тактап айтканда, тандоого бир гана фирманын катышканына байланыштуу биз конкурсту кайталап өткөрүүнү чечтик. Кыргыз тарап конкурстун ачык өтүшүнө, ага биртоп кеңешчи компаниялардын катышуусуна кызыкдар.

И.Чудинов орусиялык тарап Кыргызстандын энергетика тармагынын жеке колго өтүшүнө, «Бишкек жылуулук-электр борбору» менен «Түндүкэлектр» акционердик коомунун менчиктештирилишине катышууга кызыкдар экенин маалым кылды. Бирок да мындай кызыгуу кыйла жылдардан бери айтылып, жазылып келатат.

Башында «РусАл», соңунда «РАО ЕЭС» ири инвестициялык энергетикалык долбоорго катышары байма-бай айтылып, ишке келгенде кыргыз тарап кезектеги кайсы бир башка инвестордун кызыгуусу пайда болгонун айтуу менен чектелип келатат. Шаңкай кызматташуу уюмунун Бишкектеги жыйыны алдында Орусия президенти В.Путин 2 миллиард доллар инвестиция конкрет инвестициялык долбоорго бөлүнөрүн жарыя кылган. Андай ири долбоор «Камбарата – 1» электр станциясынын курулушу экени элдин баарына дайын деле болуп калды окшойт.

Энергетика тармагындагы кризис жылдан-жылга азайгандын үстүнө көбөйүп, андан чыгуунун айласы катары өкмөт бөлүштүрүү компанияларын менчиктештирүүгө киришкени турат. Ансыз тармак каржылык таңкыстыктан чыга албайт. «Электрстанциялары» акционердик коомунун жетекчи орунбасары Шамил Осмоновдун айтуусунда, абал ушул ыраатында улана берсе энергиянын үлөштүрүлүшү начарлагандан начарлай бермекчи.

- Электр энергиясы менен камсыз кылуу бираз начар болуп жатат. Бул келип-келип эле акчанын жоктугуна байланыштуу. Бүгүнкү күндө сатуу убактысында өтө чоң жоготуу болуп жатат. Мына быйыл жарым жылда эле жалпы жоготуу 42% түздү. Бул деген сөз эгер 100 сомуң болсо ошонун 42 сому түбү менен жоголуп кетти дегенге барабар.

Тармактагы кризис, парламент депутаты Райымбек Мамыровдун пикиринде, мурдагы «Кыргызэнергону» өз-өзүнчө компаниялара бөлүп ийгенден кийин калкып чыкты.

- Энергетика тармагын жетиге бөлүп ийгенден кийин ошол жетөөнү координация кылып турган структура жок болуп калган. Алар ар бири өзүнө өзү жооп берет. 80% ашууну мамлекеттин колунда турганы менен, акциялардын көбүнө өкмөт ээлик кылганы менен алар акционердик коом болуп катталышкан, ошол боюнча иш жүргүзүшөт.

Ушу тапта өкмөт алдында түзүлгөн атайын комиссия энергетикалык объекттерди менчиктештирүүнүн жол-жобосун сунуш кылууда. Ага негизденип өкмөт өзүнө тийиштүү акцияларын сатыкка коюуну же концессияга берүүнү, болбосо ишенимдүү башкарууга өткөрүүнү чечмекчи. И.Чудинов жазга чейин электр, коммуналдык кызмат акысы көтөрүлбөстүгүн маалымдады. Ал эми газ акысынын көбөйүш-көбөйбөшү Ташкендин каш-кабагына жараша болору жалпыга ансыз деле маалым.

XS
SM
MD
LG