Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

ЕВРОАЗИЯЛЫК ТАЙМАШТА КЫРГЫЗСТАН 1 АЛТЫН,3 КҮМҮШ, 7 КОЛО МЕДАЛЬ УТТУ


Белорус өлкөсүнүн Брест шаарында өткөн улан- кыздар арасындагы биринчи Евразия оюндарында кыргызстандык спортчулар жеңиш менен кайтып келишти. Алар 1 алтын, 3 күмүш, 7 коло медаль утуп алышты.

Спорттун 11 түрү боюнча Брестте өткөн биринчи Евразия оюндарына Шериктеш жана Балтик деңизинин жээгиндеги өлкөлөрдөн бир жарым миңдей жаш спортчу мөрөй талашты. Спорт адистеринин айтымында Орусия, Украина, Белорус, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан өлкөлөрү чоң делегация менен барып, байгелүү орундардын көбүн ээледи. Тажикстан, Молдова, Литва жана Кыргызстан алына жараша таймашууларга катышты.

Паспорт жана каражат маселелеринин айынан биринчи Евразия оюндарына мыкты жаш спортчулар барбай калганын өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов жашырбады.

-Каражаттын айынан байге алууга талапкер болчу мыкты спортчуларыбыз барбай арманда калдык. Анан дагы айрымдары учурунда паспортун алууга үлгүрбой калышты. Кыргызстандан болгону 32 спортчу мөрөй талашып, 11 медаль утуп келдик. Эркин күрөш боюнча гана бир алтын байгелүү болуп, аны 59 кг салмакта Керим Келиров жеңип берди. Мындан тышкары эркин күрөш, самбо, дзю-до, бел кур күрөшү жана жеңил атлетикадан баш аягы 3 күмүш, 7 коло медаль утуп, биринчи оюнда эле олжолуу кайтып келдик. Бул оюндардын келечеги кең болчудай,- деди Алмаз Касенов.

Брестеги биринчи Евразия оюндарында эркин күрөштөн Кыргызстандык беш балбан катышып, 59 кг. салмагында токмоктук спорт чебердигине талапкер Керим Келиров бардык атаандаштарын утуп, алтын медалын тагынды. Керимдин жеңишинин урматына Кыргыз туусу обого көтөрүлүп, гимн ойнолду.

Ал эми 53 кг салмактагы күч сынашууда кыргызстандык Азим Каныбеков күмүш байгенин ээси болду.

Дзю-до күрөшүндө кыргызстандык сегиз уландан үчөө байгелүү орунга жетти. Жеңил салмактарда Марат Садыгалиев менен Руслан Турсуналиев коло медаль тагынды. Биринчи Евразия оюндарында дзю-до таймашында күмүш байгелүү болгон Кантимур Бопоев Брестен жаңы достору күтүп, мелдештен тажрыйба топтоп келгенин, спорт имараттары ыңгайлуу экенин айтты.

- Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Эптеп каражат тартыш болуп, жол азабын тартып араң барган элек. Ошол түйшүктөрдун акыбети кайтты. Эми мындан кийинки Евразия оюндарына мыкты даярдык көрүп, Кыргызстандын намысын татыктуу коргойлу деп тилек кылып турабыз.

Ал эми самбо күрөшүнө жети балбан катышып, үчөө мөрөй алды. 48 кг. салмакта Артур Те калыстардын айынан финалга жетпей, коло медаль алууга аргасыз болду. 68 кг салмакта күрөшкөн Болот Рахатбеков да үчүнчү орунду ээледи. 73 кг салмакта Айбек Бекбалаев финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды.

Бел кур менен күрөшкө кыргызстандык үч балбан катышса, экөө байгелүү орунга жетип, олжолуу келишти. Уланбек Көбөнов менен Егор Ивлев биринчи Евразия оюндарынын коло медалын тагынып келишти.

Жеңил атлетикадан 6 спортчу барганы менен 100 метрге жарышта марага бишкектик Ксения Кадкина марага үчүнчү болуп келди. Гребле кайык жарыштарына катышкан беш спортчу ийгилик жарата алышпады.

Шералы Сыдыков олимпиадалык атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оболбековдун айтымында жаш спортчулардын достугуна данакер болгон биринчи Евразия оюндарынын келечеги кең, экинчи оюндун эстафетасын Казакстан алды.

- Чынында каражаттын тартыштыгынан улам спорттун беш түрү боюнча 32 спортчуну алып бардык. Чоң делегация менен келишкен Орусия, Украина, Казакстан жана башка мамлекеттердин арасында уят болбой, намысты коргоп келдик. Быйыл бир айдын аралыгында эле үч чоң масштабдуу турнир болуп, бизге бөлүнгөн каражатты чыгымдап койдук эле. Бул оюндардын келечеги кең, жаш спортчулардын тушоосун кесип, чоң спортко жолун ачып бермекчи.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG