Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

ДЕМОКРАТИЯ МЕНЕН ОЙНОП БҮТТҮКПҮ?


21-октябрда өтө турган референдумга коюлуп жаткан баш мыйзамдын долбоорунда айыл өкмөттөрүн акимдер дайындамакчы. Айрым эксперттердин пикиринде бул кыйладан бери талкууга алынып келаткан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын өркүндөтүү аракеттерин аксатмакчы. Ал эми бийлик өкүлдөрү менен бул демилгени колдогондор жогорудан төмөн карай кетчү башкаруу системасын күчтөндүрүү керектигин айтышат. Алардын арасында “демократия менен ойноп бүттүк, күчтүү бийлик керек”,- дегендер да аз эмес.

Учурда референдумга сунушталып жаткан баш мыйзамдын айланасындагы талаш-тартыштар кызуу жүрүп жаткан чагы. Бул талаш эми элеттиктердин турмушуна да жетти. Президент сунуштап жаткан баш мыйзам долбоорунда айыл өкмөттөрүн райондун акими дайындай тургандыгы ачык жазылган. Буга чейин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын өркүндөтүү, аларды өз алдынча кылуу саясатынын салты боюнча айыл өкмөттөрүн эл шайлачу. Эми жалпы элдик референдумда сунушталып жаткан баш мыйзамды эл колдосо айыл өкмөттөрү жогору жактын көрсөтмөсү боюнча дайындалат. Анын себебин адистер жөн гана “учурдун талабы” деп түшүндүрүшүүдө. “Таза коом” партиясынын төрагасы Абдысалам Юлдашев бул тууралуу мындай дейт:

- Айыл өкмөттөрү сөзсүз түрдө аким тараптан көрсөтүлүшү керек эле. Акыркы күндөрү айыл өкмөттөрү акимдин чогулушуна да келбей коё турган болушкан. Өздөрү хан, өздөрү бек болуп калган айыл өкмөттөрүнүн башчылары.

Айрым саясатчылар “демократия менен ойноп бүттүк” дешип, эски совет системасында болгон катуу башкарууну, кадрларды борбордон дайындоону жактырышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин айтымында, Кыргызстан батышта болгон нерселерди көчүрүп ала берип чарчап бүттү:

- Учурда биз өздөрүнчө болсун, эч кимге көз каранды болбосун, өздөрү башкарсын, эл шайласын деп атып айыл өкмөттөрүн шайлоо депутаттык шайлоодон да артык болуп кетти. Союлган союшун, акча кантип таратканын карап көргүлө. Ошондуктан бүгүн биз борбордук башкарууга кайтып келели деп атканыбыз бир чети туура. Бирок, мындай учурда жалпы стратегияны өзгөртүшүбүз керек. “Децентрализация” дегенди алып таштоо керек. Биз учурунда Германияга бара берип чарчап бүткөнбүз, “ошол жерде айыл өкмөттөрүн эл шайлайт экен, ошондой кылалы”,- деп атып.

Эки мөөнөт айыл өкмөтү болуп иштеп, учурда Панфилов районунун акими болуп турган Самарбек Күчүковдун айтымында, айыл өкмөттөрүн шайлоодо кайсыл уруунун саны көп болсо ошол уруунун адамы жеңип, жөндөмдүү адамдар четте калган учурлар аз эмес:

- Айыл өкмөттөрүн шайлоодо кайсыл тукумдун, кайсыл уруунун саны көп болсо ошолор алып коюп атышпайбы. Ал эми жанагы жөндөмдүү, иш билги адамдар мындай кырдаалда көп учурда алдырып коюп атышат.

Айрым адистердин баамында Кыргызстан өнүгүп-өсүүсү үчүн баарыбир кайсы бир учурда өзүн-өзү башкаруу органдарын күчтөндүрүшү керек. Алардын айтымында, бул демократиялык жолго түшүүнүн бирден-бир багыттары болуп саналат. “Атуулдук платформа” коомдук бирикмесинин жетекчиси Алишер Мамасалиев мындай дейт:

- Келечекте албетте акимдерди, айыл өкмөттөрүн, губернаторлорду шайлаш керек. Бирок бүгүнкү күндө, аябай оор саясий абалда Кыргызстанга катуу турган борбордук бийлик керек болуп турат.

Бир катар саясатчылар президентти күтүүсүздөн референдум жарыялап, өз бийлигин бекемдеген гана баш мыйзамды өткөрүп, мындан ары да өлкөнү башкара берүүгө куштар дешет. Андыктан президент айыл өкмөттөрүнө чейин колго алгысы келип, шайлоого эмитен катуу камылга көрө баштады дешет. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин пикири да буга үндөш:

- Жаңы сунуш кылынган конституцияда көп кемчиликтер бар. Президент өз бийлигин бекемдегиси келет. Анын бул шашылыш жасаган жүрүшү 2009-жылы боло турган президенттик шайлоодон коркуп, алсыздыгын сезип, жаз келсе газ, электр, күйүүчү майлар камбаттайт деп атканда, иши чатак болуп кете электе алдын ала өз келечегин аныктап алайын деген аракети.

XS
SM
MD
LG