Бул тууралуу “Азаттыкка” Өмүрбек Абдрахманов өзү кабарлады. Анын айтуусунда жубайы Бейил Айдакеева жетектеген «Азат» компаниясын салыктан 1 млн. 200 миң сом жашырган деп жок жерден айып такканы үчүн ишкер Бишкек шаардык салык инспекциясын сотко берип, райондук, шаардык жана Жогорку соттон утуп чыккан. Бирок буга байланыштуу каржы полициясы тарабынан козголгон кылмыш иши жабылбай турат, дейт ишкер.
19-апрелдеги массалык баш-аламандыкты уюштурган деген айып менен Өмүрбек Абдрахмановдун үстүнөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да кылмыш ишин козгогон. Учурда бул иш убактылуу токтотулуп турат. Ушундай эле айып менен кылмыш иши “Бириккен фронттун” лидери Феликс Куловго, фронттун жаш канаты “Канжар” жаштар кыймылынын жетекчиси Адилет Айтикеевге да козголгон.
Ал эми булар менен кошо айыпталгандардын бири, “Бириккен фронттун” штаб жетекчиси Өмүрбек Субаналиевдин кылмыш иши кыскартылып, өзү президент тарабынан мамлекеттик кызматка дайындалган. (ZKo)