Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

8:15 Журналисттер Ж. Арыкованын ишин эртерээк сотко өткөрүүнү талап кылышууда


Бир топ журналисттер Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын улуу консультанты Жыпаргүл Арыкованын ишин сотко өткөрүүнү тездетүүнү талап кылган кайрылуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисине жолдошту. Кайрылуу ээлери 19-июндан бери УКМК абагында жаткан Жыпаргүл Арыкованын ден соолугу начар экендигин белгилешип, анын үстүнөн козголгон кылмыш ишинин сотко өткөрүлүү мөөнөтү улам узартылып жатканы коопсуздук кызматында Арыкованы айыптоого далилдер жетишсиз деген шектенүүнү жаратат, деген пикирде.
Жыпаргүл Арыкованын адвокаты Айжан Касымалиеванын “Азаттыкка” айтуусунда тергөө мөөнөтү эксперттердин корутундусу даяр эместигинен улам узартылууда.
Жыпаргүл Арыкова мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан камакка алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG