Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясындагы соңку уруштарда Талибандын алтымыштан ашуун согушкери жана АКШ баштаган коалициянын бир аскери каза тапты. Расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, ооган жана коалициялык аскерлерге бул кагылышу учурунда арттиллериядан жана абадан колдоо көргөзүлгөн. Уруш болгон айцмактагы жөн-жай тургундар андан жабыр тарткан же тартпагандыгы туралуу азырынча маалымат түшкөн жок. Кечээ ошол эле аймакта полициянын автоколоннасына жабышкан жан кечтинин жардыруусунан беш полиция кызматкери каза таап, үчөө жарадар болгон.
Ооганстандын түштүгүндөгү Гильмин провинциясында талиптер менен атышууда коалициянын бир жоокери жана талибандардын алтымыштан ашуун согушчаны каза тапты