Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Махмуд Ахмадинежад Ирандагы өзөктүк программа тууралуу маселе жабылды деп эсептейт


Ирандын өзөктүк программасы жөнүндөгү маселе жабылды, эми бул иш Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин көзөмөлүнө берилиши керек. Бул тууралуу Нью-Йоркто, БУУнун башкы ассмблеясындагы сөзүндө Иран президенти Махмуд Ахмадинеджад билдирди. Ал ошондой эле өз өлкөсүнүн өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн кайталап, Ирандын бул мыйзамдуу укугун жокко чыгарып жатканы үчүн Батыш мамлекеттерин айыптады. Мурадараак Башкы ассамблеядагы сөзүндө Франция президенти Николя Саркози Ирандын өзөктүк куралга ээ болуусу дүйнө жана чөлкөм үчүн тобокелчилик жана кабыл алынгыс экенин белгилеген эле. Иран президенти сүйлөөр алдында АКШ делегациясы жыйындан чыгып кетти.

XS
SM
MD
LG