Мамлекет башчы иш сапары учурунда Карабалта тоо-кен комбинатынын жана башка кайра иштетүүчү ишканалардын, айыл чарбасынын абалы менен таанышат. Мындан тышкары Курманбек Бакиев Жайыл, Панфилов, Москва, Сокулук райондорунда жана Карабалта шаарында болуп, жергиликтүү эл менен жолугушары күтүлүүдө. (ZKo)