Күйдүргү ылаңы- малдан адамдарга жугуучу өтө коркунучтуу илдет. Адистер бул ылаңдын өпкө формасы, ичеги-карын формасы жана тери формасын белгилешет. Эгер адам бул ылаңдын өпкө жана ичеги- карын формасына чалдыкса, ал кан аркылуу бардык денеге тарап өлүмдү шарттайт. Медиктер аны сактап кала албайбыз дешет.
Ал эми оорунун тери формасын айыктырууга мүмкүн. Ал кандай болот? Же аны алдын алууга болобу?
- Күйдүргүнү алдын алса болот. Бул алгач ыйлаакча болуп, анан ортосунан сарысуу чыгып жарылат. Кийин ортосу капкара көмүрдөй болуп калат. Сыздоокко окшош, бирок айырмасы бул кызарганы менен такыр оорубайт,- деди врач Рысбек Сыдыгалиев.
Бул ылаң акыркы он жыл аралыгында катталган эмес, бирок ушул жылдын апрель айынан баштап Чүй облусунун Сокулук районунда төрт адам күйдүргү ылаңы менен ооруганы такталып, андан сырткары дагы жыйырмадан ашык адам медициналык текшерүүдөн өткөн. Ооруга чалдыккан төрт адамдын бирөө гана учурда толук айыгып чыкты.
Азырынча бул ылаңга байланыштуу өтө кооптонуунун зарылчылыгы деле жок, ошондой болсо да мал кармагандар өздүк- санитардык гигиенаны туура сакташы керек дешет адистер. Бирок айрым мал ээлеринин айтымында, бул жугуштуу ылаң башка өлкөлөрдөн да келиши мүмкүн, биринчи кезекте Ветеринардык департамент буга кайдыгер болбош керек. Ошондой эле элге түшүндүрүү иштеринин жетпей жатышы көбүн эсе айыл –айылдардагы мал догдурлардын жетишсиздиги менен да байланыштуу.
- Акырыкы он беш жыл ичинде Ветеринардык тармакка дээрлик жаш кадрлар келген жок. Маселен, Кыргызстан боюнча беш миң бир жүз алтымыш мал догдур керек болсо азыр жети жүз жыйырма гана адам иштеп жатат. Бул да болсо ишке бир топ кедергисин тийгизип жаткан чындык,-деди Ветеринардык департаменттин башчысы Талант Узакбаев.
Кыргызстанда күйдүргү ылаңынын бир миң бир жүз жетимиш жети очогу катталган. Анын төрт жүз тогузу Чүй аймагында. Бирок адистердин айтымында айрым такталбаган очоктор да бар, аны табуунун өзү учурда бир топ кыйынчылыкты жаратып жатат.