Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

БИР ДҮЙНӨ ЖАНА АДАМ УКУКТАРЫ


27-сентябрда Кыргызстанда алгачкы жолу адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин “Бир дүйнө” аттуу эл аралык фестивалы башталды. Анда адам укуктарына багытталган бир канча өлкөлөрдүн документалдык фильмдери көрсөтүлмөкчү. Адистердин баамында адам укуктары тууралуу фильмдерди көрсөтүү менен элдин бул жааттагы сабаттуулугун кыйла арттырса болот. Ал эми “Аксы окуясы” сыяктуу темага документалдык фильм тартылса, бул урпактарга гана чоң сабак болуп калбастан, эл аралык да мааниси артат. Укук коргоочулардын айтымында Кыргызстанда дале болсо адам укуктары оор абалда тургандыктан, ар кыл жол менен күрөштү улантуу керек.

Адам укуктарына багытталган документалдык фильмдердин фестивалын президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиясы расмий түрдө колдоп чыкты. Анын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, Кыргызстанда адам укуктары дале оор абалда. Ошондой эле ал “Аксы окуясы”, “Оштогу капсалаң” сыяктуу темаларга даректүү документалдык фильмдер тартылса абдан туура болмогун, муну менен адам укуктарынын андан аркы бузулушун жана андай окуялардын кайталанып кетишин алдын алууга болорун баса белгиледи:

- Менимче Аксы окуясы боюнча документалдык фильм тартылса дүйнөгө белгилүү болуп, балким кандайдыр бир чоң эл аралык сыйлыктарды алмак. Муну мен ага катышкан, өзүм октон аман калган адам катары айтып атам. Ачык эле айтайын ошол эле Ош окуясы боюнча да документалдык фильм тартылса, анда канчалган адамдар улуттук араздашуудан курман болуп кетишти. Бул эскини козгогондук эмес, ушуну фильм катары тартып койсок урпактарга калып калат да.

Андан тышкары укук коргоочунун айтымында Кыргызстанда адам укуктары жаатында анча-мынча жылыштар болгону менен кемчиликтер да жетиштүү:

- Кыргызстанда адам укуктарынын абалы дагы деле оор боюнча калып атат. Адам укуктары кандайдыр бир деңгээлде жакшырып кетти едп айта албайбыз. Өзгөрүштөр бар, жакшы жактары бар, бирок жаман жактары да кайрадан кошулуп атат. Ошондуктан менимче адамдардын ан сезимине таасир берүү, сезимдерин ойготуу, элге түшүндүрүү аркылуу жаштарды тарбиялашыбыз керек. Мына биз да адам укугунда көп жылдар бою келатканыбыз менен өмүр өтүп баратат, карып баратабыз, ошондуктан жаштарды ойготуп, канткенде адам укуктары үчүн жакшылап күрөшө алабыз деген маселе бар.

Ал эми фестивалдын демилгечилеринин бири Чехиядагы “Культур-мультур” Борбор Азия диаспорасынын өкүлү, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Жаңыл Жусубжандын айтымында, элдин адам укуктары жаатындагы сабатын жоюунун жолдорунун бири документалдык фильмдерди тартуу болуп саналат. Ал үчүн бийлик өкүлдөрү бул жаатагы демилгелерге колдоо көрсөтсө дурус болот:

- Адам укуктары дегенде, бул бизге тиешеси жок сыяктуу түшүнбөөчүлүк бар. Эгер мамлекет, өкмөт, коом муну түшүнүп, туура кабыл алса мындай нерселерге колдоо болот. Кыргызстанда документалдык фильмдерди каржылоо жокко эсе. Өкмөт мындай нерселерге көңүл бөлбөсө жаштарды тарбиялоо гана эмес жалпы элдин көзүн ачуу үчүн зарыл болгон күчтүү куралдарды колдон чыгарган болобуз.

Кыргызстанда өтүүчү адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин фестивалы 27-сентябрдан 29-сентябрга чейин уланмакчы. Укук коргоочулардын баамында мындай фестивалдар жана демилгелер адам укуктарын коргоону жана бул жаатта коомчулуктун маалымдуулугун кеңейтмекчи.

XS
SM
MD
LG