Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:45

КЫРГЫЗСТАНДА АДАМ УКУКТАРЫНА АРНАЛГАН КИНОФЕСТИВАЛЬ БАШТАЛДЫ


Бүгүн Кыргызстанда адам укуктары боюнча документалдык фильмдердин “Бир дүйнө” аттуу эл аралык фестивалы башталат. Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан бул фестивалды “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору бир канча эл аралык уюмдар менен биргелешип, уюштурууда. Аталган уюмдун өкүлү Диана Макенбаева фестивалдын уюштурулушу тууралуу таңкы “Азаттыкка” маек куруп берген.

- Диана айым, фестивалдын максаты тууралу айтып берсеңиз?

-Бул фестиваль биринчи кезекте жаштарга арналган. Башка өлкөлөрдө жашаган замандаштардын турмушу жана алар өз проблемаларын кандайча чечип жаткандыгы менен таанышууга мүмкүн берет. Бул “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борбору уюштуруп жаткан фестивалда тогуз фильм көрсөтүлөт. Анын көбү кыргыз тилине которулган. Тасмада баштапкы тил англис, француз ж.б тилдер да сакталган. Ошондуктан биз ойлойбуз, тил үйрөнгөн жаштар да келип көрүп кетсе жакшы болот эле. Бир эле мезгилде ошол эле чет элдик студенттер да катышып кетүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Биз ойлойбуз бул көпчүлүк студенттерге жана жергиликтүү тургундарга кызыктуу фильмдер болот деп. Ошондой эле бул фильмдерде каракалпак, кыргыз, казак, орус тилиндеги тасмалар кыргызча которулган эмес. Бирок, айрым тасмалардан кийин биздин оюбузча талкуу болот . Ал талкууда атайын жаштарга арналган фильмдер тууралуу маектешип, кызыктуу суроолор чыгат деп ойлойбуз. Бул талкуу зарылчылыкка жараша англис, кыргыз, орус тилдеринде жүрүшү мүмкүн. Бул сыяктуу фестиваль Кыргызстанда биринчи жолу 2007-жылдын март-апрель айларында башталган. Анда биз эки тасманы көрсөткөнбүз. “Алекстин үйлөнүү тоюн” жана Белабештеги “Таксист аял” жөнүндө фильм болчу. Ал Нарында жана Ошто өткөн. Ал фильмден кийин биздин көрүүчүлөрдөн көптөгөн кызыктуу суроолор пайда болгон. Дагы ушундай сыяктуу тасмаларды көрсөтөсүңөрбү, качан болот деген суроолор менен кайрылышкан.Биз ага байланыштуу чоң бир проект жазып, эл аралык фестиваль өткөрүүнү чечкенбиз.

Бул фестивалга Прагадагы адам укуктары боюнча эл аралык документалдык фильмдердин “Бир дүйнө” Ван Ворт фестивалы, музыкалык фильмдердин фестивалы, Чехиядагы Борбор Азиялык диаспорунун “Культур-мултур” уюму менен бирдикте өткөрүлүүдө. Бул фестивалдын расмий колдоочусу болуп Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун эсептелет жана Сорос фондусун искусство жана маданият программасы каржылык колдоого алууда.

- Диана айым, бул фестиваль Бишкек, Ош жана Жалалабат шаарларында да өтөт экен. Бул үч шаарда бир эле учурда өтөбү?

- Биз үч күнгө бөлгөнбүз. Фестиваль негизинен Бишкекте 27-сентябрда башталат, 28-сентябрда Ошто, ал эми 29-сентябрда Жалалабат шаарында өткөрүлөт.

- Маегиңизге ырахмат.

 

XS
SM
MD
LG