Буга байланыштуу Республикалык кан борборунда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөт. Ушул тапта кан донорунун жетишсиздиги курч болгону айтылып келет. Статистикага ылайык, 1985-жылдан 2007-жылга чейин донорлордун саны алты эсеге азайган. Үстүбүздөгү жылдын июль айында донорлорду социалдык, экономикалык жана медициналык жактан камсыздоо максатында “Кан донорлугу жана анын компоненттери тууралуу” мыйзам кабыл алынган. (ZMa)