Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

14:17 Р. Жээнбеков: Бакиев партиялык шайлоону бетке кармап, өз бийлигин гана бекемдеп жатат


Экс-министр, экс-элчи Равшан Жээнбеков бүгүн мекендештерине кайрылуу менен чыгып, Президент К. Бакиев референдумга сунуш кылган Конституциянын долбоорун өлкөдөгү демократиялык реформаларга коркунуч жараткан долбоор катары сындап чыкты. Анын көз карашында долбоордо Парламент, Өкмөт, сот бийлиги баары толугу менен Президентке кєз каранды бойдон калууда. «Президенттин ыйгарым укуктарын аныктаган 46-беренеде, дегеле башка беренелерде деле «Президент сунуш кылат», «Президент бекитет», «Президент кызматтан алат» деген сөздөр жайнап жүрбөйбү. Сунуш кылынган долбоор партиялык шайлоону киргиздик деген шылтоо менен К.Бакиевдин өз бийлигин бекемдөө үчүн гана жасаган аракети. Бул Конституция бийликтин тең салмактуу маселелерин чечпесине, негизгиси мамлекетүүлүктү бекемдеп, улутту бириктирип, саясий стабилдүүлүккө алып келе албасына толук көзүм жетет»,- деп белгилейт Р. Жээнбеков. (KCh)

XS
SM
MD
LG