Бүгүн президент Курманбек Бакиев Токмок шаарында болуп, Кемин, Ысыката, Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө, Бакиев агрардык маселелерге, дан азыктарынын кымбатташына токтолду. “Азык-түлүктүн кымбатташынан улам айлык маянаны көтөрүү маселеси каралып жатат”,-деп белгиледи өлкө башчысы. Жолугушууга келген тургундар референдумду кечирек өткөрүү сунушун киргизгенде, президент бул маселе чечилгенин жана референдум мурда болжонгон күнү болорун айткан. (ZMa)