Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

БАКЫДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ БАЛБАН БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО АЛДЫ


Азербайжандын борбору Бакы шаарында грек- рим жана эркин күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпионаты болуп, мында жетимиш алты мамлекеттин балбандары күч сынашты. Мында кыргызстандык эки балбан эркин күрөштөн Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.

Бакыдагы дүйнөлүк таймашууга грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан тандалган жети балбан катышып, бирөө да ийгилик жарата албады.

Эми грек-рим күрөшүнүн балбандары Бээжин олимпиадасына жолдомо алуу үчүн алдыда дагы үч Гран-при мелдеши жана келе жаткан 2008-жылы боло турган Азия чемпионаты турат.

Бакыда эркин күрөш боюнча да дүйнө чемпионатынын күч сынашууларында Орусия, Болгария, Түркия, Куба Иран, Кытай, Жапон жана Түштүк Кореянын балбандары ийгилик жаратып, чеберчилигин көрсөтө алышты. Мөрөй талашууга катышкан 76 өлкөдөн Кыргызстан бир коло байгеси жана Бээжин олимпиадасына эки жолдомосу менен сегизинчи орунду ээледи.

60 кг салмакта күрөшкөн Азия чемпиону Базар Базаргуриев коло байге үчүн күч сынашууда Австрия, Молдова, Украина жана Түркиянын балбандарын жеңип, дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынды. Ошондой эле ага Бээжин олимпиадасына жолдомо ыйгарылды. (Жогорудагы сүрөттө).

Бакыдагы дуйнө чемпионатынын таймашуулары жана алдыдагы максаттары тууралуу коло байге ээси Базар Базаргуриев мындай деди:

- Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Калыстардын айына Талант Жекшеновдун чеберчилиги туура бааланбай, шагын сындырып, басып коюшту. Түйшүктөрдүн акыбети кайтты. Эми Бээжинде эмдиги жылы болчу жайкы олимпиадалык оюндарга даярдык көрүп, Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, байге алсам деп тилек кылып турам.

Өлкөнүн эркин күрөшү федерациясынын президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мелис Тургунбаевдун айтымында Бакыдагы дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өттү.

- Кыргызстандык балбандардан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков үмүттү актады. Талант Жекшенов менен Данияр Самсалиев, Турарбек уулу Нурлан мыктылар тобуна илинбей калды. Эми алар үчүн Бээжин олимпиадасына жолдомо алууга деле мүмкүнчүлүктөрү болот. Жаңы жылдан баштап Эл аралык үч Гран-при турнири жана Азия чемпионаты турат. АКШда бир жыл машыгып келген жаштар арасында дүйнө чемпиону Надырбек уулу Улан кайрадан килем үстүндө күч сынашууга чыкты. Балким ал дагы Бээжин олимпиадасына жолдомо алуусу толук ыктымал,- дейт Мелис Тургунбаев.

Азиянын чемпиону, мурдакы жылкы дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, 14-15- Азия оюндарынын жеңүүсү Алексей Крупняков Бакыдагы дүйнө чемпионатында өлкөнүн намысын коргоп, Куба, Грузия, Украинанын балбандарын утуп, финалга чыгуу үчүн тайташта ирандык Абрахими Саидге упайдын айырмасы менен жеңилип калды. Коло байге үчүн күч сынашууда Алексейдин мурда алган жаракаты америкалык атаандашы Даниель Кормиерден утулууга аргасыз кылды. Ошентсе да Алексей Крупняков бешинчи орунду ээлегени менен ал дагы Бээжин олимпиадасына жолдомонун ээси болду.

Бакыда өткөн дүйнө чемпионатына балбандарды сүрөөнгө алуу үчүн Бишкектен жоон топ күйөрмандар барышты. Алардын катарында жакында эле өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти болуп шайланган Максим Бакиев, Улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси Мурат Саралинов жана башкалар болду.

Бакыдагы дүйнөлүк таймашууда кыз-келиндердин эркин күрөшү мелдешине катышкан Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү, бишкектик Яна Панова ийгилик жарата албады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG