Бейшембиде мурдагы Бирма, же Мьянманы 20 жылга чукул убактан бери башкарып келаткан аскердик хунта демонстранттар кечке чейин тарабаса, аларга каршы чукул чаралар көрүлөт деген эскертүү баракчаларын тараткан. Ага удаа коопсуздук күчтөрү полициянын колдоосу астында көчөдөгү элди күч менен таратууга киришти, ок атылып, Жапониялык маалымат агенттиктери бир жапон журналисти каза тапты деп кабарлашты. Дагы башка булактар бери дегенде 4 демонстрант набыт болгонун маалымдоодо. Каатчылык, кымбатчылыктын айынан өлкөнү башкарган аскердик хунтага каршы толкундоолор башталганына бир айдан ашты, аларга мындан он күн мурдараак бутпарастар коомунда кол тийгис деп саналган миңдеген кечилдер да кошулган.
Алгач өкмөт кечилдер баштаган көчө жүрүштөрүнө сак мамиле жасагандай болгон, бирок маалымат агенттиктери Мьянманын башкалаасы Янгондо 2 күндөн бери ар кайсы жерде ок атылып, бутпарастар монастырынын жанында чогулган элге каршы полиция жаш агызчу газ колдонуп, аскердик тикучактар асмандан көзөмөл жүргүзүп жатканын билдирүүдө.
Өткөн түнү аскерлер 2 чоң монастырда рейд өткөрүп, 200дөй кишини камакка алган. Ага карабастан кечилдер бүгүн шаардын башка бөлүктөрүндө көчөгө чыккан элди баштап, өлкөнү башкарган аскердик хунтага каршы ураандар чакырып жатышты.
Мьянмада күндөн күнгө курчуп бараткан кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, шаршембиде Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши чукул жыйын өткөрдү. Анда АКШ менен Евробиримдик Мьянма өкмөтүнүн өлкөдөгү демонстрацияларды күч менен басуу аракетин айыптаган резолюция сунуш кылды эле, Кытай каршы чыгып резолюция кабыл алынбай калды. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Жияң Ю Мьянмадагы бардык тараптарды сабырдуулукка үндөдү.
- Мьянмага коңшу мамлекет катары Кытай ал жердеги кырдаалга тыкыр көз салууда. Биз ал жердеги окуяларга тиешеси бар бардык тараптар сабырдуулук көргөзүп, талаштуу маселелерди туура жолдо чече алат деп үмүт кылабыз. Биз Мьянмада гана эмес, бүткүл чөлкөмдөгү бейпилдик менен туруктуулукка зыян келтирилишин каалабайбыз.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлү Том Кэйси АКШ менен Евробиримдик Мьянма элин колдойт деп билдирди.
- Европа Биримдиги жана АКШ Бирма элине өз тилектештигин билдирет. Коопсуздук күчтөрү тынч демонстранттарга ок ачып, чабуул койгону, көптөгөн бутпарас кечилдерин жана башкаларды камакка алганы тууралуу кабарлар бизди терең бушайман кылды.
Мьянмадагы окуялар кагылышуу, куралдуу күч колдонуу жагына ооп баратканына байланыштуу эл аралык коомчулук кооптонуусун билдирүүдө.