Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

КЫРГЫЗ РЕФЕРЕНДУМУ КАНЧА МИЛЛИОН ДОЛЛАР ТУРАТ?


Массалык маалымат каражаттарында президент сунуш кылган Башмыйзамдын айланасындагы талаш күчүндө. «Заман Кыргызстан» гезити баш макаласын «Башмыйзамдар кагылышыбы же жарыкка жол издөөнүн жаңы айласыбы?» деп баштаса, "Новый Кыргызстан» гезити «Жаңы Конституция кыска убакыттын ичинде талкууланууда» деп жазды. «Жаңы ордо» гезитине академик Абдыганы Эркебаевдин «Азыркы парламенттин келечегине башында эле ишенген эмесмин», депутат Арапбай Төлөновдун «Саясатчылардын оюнунан мен да чарчадым» деген макалалары жарык көрсө, «Агым» гезити бул маселеге арналган макаласын «Куловдун куулугу, Текебаевдин текебердиги жана Байболовдун «баеолугу» деп атады.

Ошентип Кыргызстан ушуну менен башынан 5-референдумду өткөрүп жатат. Бул деген баягы эле так талаштын кезектеги көрүнүшү. Чыр-чатак ырбай берет. Элдин 80-90 пайызы «ооба» деп жооп берери турган иш. Мына ушундай референдумдар аркылуу ар дайым элге каршы чечимдер кабыл алынып келген. Мына ушул беш референдумду өткөрүү үчүн эле мамлекет 3 миллионго чукул доллар жумшаганын, ал эми 5-референдумду өткөрүүгө кетүүчү чыгым 58 миллион сом же 1,5 миллион доллар турарын саясат таануучу Нур Омаров «Новый Кыргызстан» гезити аркылуу маалымдады. Омаров мырзанын айтымында эгер кыргызстандыктардан чындап эле референдумду каалайсызбы деп сурасаңыз 90 пайызы жок деп жооп берет эле дейт. Гезит андан ары деги эле Борбор Азия мамлекет башчылары референдум дегенде жантыгынан жата калышарын, акыркы эле 15 жыл ичинде алар мындай добуш берүү өнөктүгүн 4 иреттен өткөргөнгө үлгүрүшкөнүн, ошондуктан жөн гана Конституция дегенди ийне-жибине чейин билген профессионалдардан жумушчу топ түзүп туруп Негизги мыйзамды эл үчүн жазып чыккандан өтөрү жок болчу деген оюн айткан.

«Кыргыз руху» гезити «Эгер акыркы бир айдагы кымбатчылыктын шарапаты менен дагы ошончо адам киндик кан тамган жерин таштап кетсе, мунун натыйжасы Кыргызстанга демографиялык кризисти апкелбестигине кепилдик барбы?» деп суроо коюп, тилекке каршы турмуштун мына ушул реалдуулугу кыргыз саясатчыларын ойлонтпогонун, алар баягы эле Акаев басып өткөн жол менен келатканын, ушу кезде Бакиев сунуш кылган Конституцияны окудум деген кишини көрө электигин, бүгүнкүдөй кымбатчылыкта «референдумуңду урдум, бизге нан керек!» дегендер четтен чыгарын, кыскасы куду Акаев башкарып жаткандай, андан да жаман абалда жашап жатабыз деп жазат.

«Жаңы ордо» гезити партиялардын анык парады эми башталарын, президентке ыктаган партияларды бүгүн Бакиевдин «өз партиямды түзөм» дегени ойго салып атканын, эгерде «Эркиндик» же «Эмгек жана биримдик» партияларынын негизинде партия түзүлсө, «Жаңы Кыргызстан» партиясы атаандаш партиянын катарына кирбестигин, президентке жакын мындай партиялардын катарына «Содружество», «Менин өлкөм» партиялары кошуларын, мындан сырткары президент түзө турган партиянын өзөгүн «Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн» кыймылынын өкүлдөрү түзөрү турган иш деп билдирет.

«Заман Кыргызстан» гезити «Баш мыйзамда жагымдуу нерсе аз» деген сурамжылоосунда айрым окурмандардын ойлоруна орун берген. Пенсионер Бекин Жумабаев азыркы Конституция элдик эместигин, ал жалаң эле ыйгарым укуктардан, муну тигил, тигини бул аткарат дегендерден турарын, бийликтегилердин өздөрүнүн да башы айланып бүткөнүн, ал эми атын-жөнүн атагысы келбеген мамлекеттик бир кызматкер чынында ага Конституциянын бир дагы варианты жакпагандыгын, анткени буга чейинки Башмыйзамдардын көбү бийликтегилер үчүн гана жазылып келатканын, эл деген менен элди ойлогон эчким жоктугун, сатуучу Нурайым референдумга барбастыгын, анткени өзгөрүү болоруна ишенбей калганын, Ишен Токтоналиев аттуу жаран референдумга барып «ооба» деп жооп берерин айтышкан.

Саясый партиялар тууралуу «Агым» гезити да сөз кылып, элден сурай келсе бүгүн 104 партиянын ичинен 7-8ин гана билип-билбесин, азыркы күндө Кыргызстанда эки-үчөө бириге коюп «Эшмат» же «Ташмат» деп партия түзө салса деле боло берерин, убактылуу бийликке үндөк үчүн уюшула калгандардын катарына «Алга, Кыргызстан», «Эмгек жана биримдик» сыяктуу партиялар кирерин, жердешчил партиялардын мисалына жаңы эле жашоосун баштаган «Ак шумкар» партиясын кошсо болорун, кокус парттизме менен шайлоо өтүчү болсо оппозициялык күчтөрдүн ичинен «Ата Мекен» партиясы менен «Ак шумкар» партиясы гана президенттик партияга туруштук бериши мүмкүндүгүн, анткени лидерлери жалаң түндүктүн байларынан турарын баяндап, 2005-жылы уруу кулундары көчөгө чыгып «революция» жасаган кыргыздар эми Түндүк-Түштүк болуп жаатташып-чабышпайт деп эчким кепилдик бере албайт, уруучулук, жердешчиликти азайтабыз деп эми Түндүк-Түштүк айкалышуусуна алып келаткан жокпузбу деп суроо таштаган. Ушул эле гезит КР саламаттык сактоо министри Туйгуналы Абдраимов өкмөт башчысы Алмаз Атабмаевдин досу болорун, министр өзүнө тапшырылган медицина тармагын оңдоп-түзөөнүн ордуна өз каражаты менен жан багып жашап жаткан медициналык жайларга чабуул сала баштаганын, анын бир мисалы «КАМЭК» жеке менчик клникасы болуп калганын, кечээ ЖКнын 30га жакын депутаттары Абдраимовдун азуусунан «КАМЭКти» алып чыгуу үчүн президент К.Бакиевге кайрылганын маалымдады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG