Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

13:57 «Жерүй алтын холдинг» компаниясы өз үлүшүн казакстандык «Визор» компаниясы менен бөлүштү


Натыйжада 70 тоннадан ашык алтын бар деп болжолдонуп жаткан Жерүй алтын кенин эми бул эки компания биргелешип иштетет. Былтыр июль айында түзүлгөн макулдашууга ылайык алтын кендин 40% акциясы «Кыргызалтын» ишканасына, 60%ин Глобал голд ишканасынын карамагындагы «Жерүй алтын холдинг компаниясына» ыйгарылган. Жерүйдү иштетүүгө даярданып жаткан эки компаниянын өкүлдөрүнүн маалыматтарына караганда, ишкананын техникалык-экономикалык негиздери беш ай кечигүү менен ишке ашууда. Буга саясий жагдайлар жана атайын техникаларды орнотуу жараянынын татаалдыгы түрткү болду. Учурда кенди иштетүү багытында 500 адам иштеп жатат. Алардын 70% жергиликтүү калк өкүлдөрү.
Кошумчалап койчу жагы, кыргыз өкмөтү ишеним көрсөтпөй, лицензиясын алып койгон мурдагы Оксус голд компаниясы учурда Кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко берип, 150 миллион доо коюуда. (BuS)

XS
SM
MD
LG