Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

ЭСТЕБЕС ТУРСУНАЛИЕВДИН ЭСТЕЛИГИ АЧЫЛДЫ


Фатима Абдалова Бүгүн Бишкектин Аларча көрүстөнүндө залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин эстелиги ачылды. Чогулган коомчулук маркумдун кыргыз маданиятына өтөгөн зор эмгегин эскерип, Эстебес Турсуналиев жөнүндөгү эскерүүлөрдөн турган китепти чыгаруу колго алынмак болду.

Залкар төкмө акын, Кыргызстандын, Казакстандын эл акыны Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районундагы Арал айылында жарык дүйнөгө келип, 2005-жылы 10-октябрда дүйөдөн өттү. Эстебес Турсуналиев 9 жашынан колуна комуз алып, 14 жашынан комуздун коштоосунда ыр курап, 15 жашында залкар акын Алымкул Үсөнбаев менен ырдап саламдашат. Улуу акындын батасын алып, 60 жыл бою Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенет. Эстебес Турсуналиев кыргыз элинин төкмөлүк өнөрүн дүйнөгө тааныткан инсан. Эстебес Турсуналиевдин Аларча көрүстөнүндөгү эстелигинин ачылышын кыргыз маданият министри Султан Раев ачты:

-Эл акындарды актаңдай акындыгы үчүн эле эмес, акылгөй даанышмандыгы үчүн да урматтап келген. Кең Таластын кичинекей айлынан чыккан залкар акын Эстебес Турсуналиевдин чыгармачылыгы кийинки муунга мурас болуп калганын мезгил өзү далилдеп турат.

Мамлекеттик коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова Эстебес Турсуналиевдин талантынын өзгөчөлүгүн белгиледи:

-Эч кайталангыс... Ар бир сөзү, үнү, артисттик чыгармачылыгы, элге жеткире билгени өзгөчө болуп, кулакка куюлуп, жүрөккө жетип турчу эмес беле... Эстебес өзгөчө талант эле.

Ал эми кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев Эстебес Турсуналиевдин айрыкча улутка сиңирген эмгегин баса белгиледи:

-Эстебес кыргыз элине бир келген теңдешсиз улуу талант болчу. Мезгилдин кири ду, жамандыгы да жукпаган таза адам эле. Эстебес элин-жерин жанындай сүйүп, элдин абийрин өзүндө ала жүрдү.

Кыргыз эл артисти Тууганбай Абдиев Эстебес Турсуналиевди улуу залкарлардын катарына кошту:

-Эстекем Осмонкул атаны, Калыкты, Алымкулду “ата” деп устатындай көргөн. Бирок Алымкулду өз атасындай көрчү. Ошолордун өнөрүн алып жүрүп, алар албаган сыйлыктарга жетишти. Бирок залкар болуп алардын катарында туруп калды.

Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов Эстебес Турсуналиев жөнүндө эскерүү китебин чыгаруу зарыл экендигин айтып өттү:

-Эстебес Турсуналиев жөнүндө эскерүүлөр жыйнагын чыгаруу зарыл. Бул адам тууралу элдин айтары көп. Мен өзүм эле бир китеп жазып бералам бул киши тууралу.

Жыйындын соңунда маданият министри Султан Раев Эстебес Турсуналиев жөнүндөгү эскерүү китепти Маданият министрлиги каржылап чыгара тургандыгын билдирди.
XS
SM
MD
LG