Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде БШКнын төрайымы Клара Кабилова билдирди. Анын айтымында, 19-сентябрда “Референдум өткөрүү тууралуу “ президенттин жарлыгы чыккан күнү шайлоо өткөрүү боюнча эл аралык уюмдарга кат жөнөтүлгөн. “Эл аралык байкоочулар менен мамиле түзүүдө өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги негизги ролду ойноду. Бүгүнкү күнү референдумга даярдыктар график боюнча жүрүп жатат”,-деди К. Кабилова. Референдумду өткөрүү 21-октябрга белгиленген. (ZMa)