Өкмөт башчы жыйынды ачып жатып учурда азык-түлүк кымбаттап кеткенине карабай мамлекетте жетиштүү запастар бар, айрым маалыматтарда айтылгандай азык-түлүк кризиси болбойт деп ишендирди. Анын айтымында мурда уурдалып келген акчалар азыр бюджетке түшүп жаткандыктан эми өкмөттүн ар бир квартал сайын айлык-акыларды, жөлөк пулдарды жогорулатканга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле ал азык-түлүктөрдүн кымбатташына, мал чарбасында ар кандай эпидемиялардын жайылып кетишине айрым чиновниктер түздөн-түз күнөөлүү экендигин айтып, күнөөлүүлөр тийиштүү жазасын аларын билдирди:
- Айрым чиновниктердин да күнөөсү бар. Убактысында азык-түлүк коопсуздугун карашкан эмес, мал чарбасында эпидемиялардын жайылышына жол беришкен, дан азыктарын айдап-себүүнү көзөмөл кылбай коюшкан. Албетте бул чиновниктер жакын арада татыктуу жазасын алышы керек. Биз ким, кандайча күнөөлүү экендигин тактадык. Эми жакында буларга карата кадрдык чечимдерди да жасайбыз.
Премьер-министр андан тышкары Каржы министрлигин да өз убактысында каражаттарды бөлүштүрбөй жатканын айтып тилдеп өттү. Мындан ары ал өкмөт мүчөлөрүн ушул мындайга жол бербөөгө чакырды. «Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап, деген кеп бар. Биз бардыгын иш бүткөндөн кийин берип атабыз, акчасын да, башкасын да. Мындай болбошу керек, бардыгы алдын-ала даярдалышы, бөлүнүшү зарыл”,- деди А.Атамбаев.
Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министри Сооронбай Жээнбеков болсо, дан азыктары боюнча маселе кыйын болуп тураганын, учурда күздүк үрөн жана айдап-себүү иштери үчүн 180 миллион сом талап кылынып жатканын, айдоо жерлери болсо түшүмдүүлүгүн жоготконун айтып өттү. Анын айтымында, акыркы жылдары буудайдын түшүмдүүлүгү беш центнерге түшүп кеткен, ошол себептүү жакын арада 30 миң тонна минералдык жер семирткичтерди сатып алуу керек. Үрөндүн тартыштыгы тууралуу ал мындай дейт:
- Эң орчундуу маселе, мына республика боюнча 48 миң тонна үрөн топтолуп, ал керектөөнүн 75,3 пайызын гана түзүүдө. Мындайча айтканда азыр жалпысынан 12 миң тоннадан ашуун үрөн жетпей жатат.
Ал эми Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, мамлекет рыноктук бааларды коюп, жыл сайын буудай, пахта жана тамекиден канча сатып аларын жарыялап турса дыйкандарга жеңил болмок:
- Мамлекет өзүнүн функциясын аткарып, айдалган айыл-чарба продуктуларынын канчасын мамлекет сатып ала турганын так айтып, баасын так коюушу керек. Буудайдан мынча, тамекиден мынча, пахтада мынча сатып алабыз десек, ошого карап дыйкан өзү эгет.
Дене-тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бектур Асановдун пикиринде, мамлекеттеги ушул сыяктуу кемчиликтер жана көйгөйлөр айрым чиновниктердин коррупциялашып кеткенинен улам болууда. Анын ырасташынча, айдап-себүүгө делген күйүүчү майлардын көбү облустарга жете электе эле Бишкекте сатылып кеткен:
- Мобу тартипти бир аз чыңдабаса болбойт. Коррупцияга каршы тартипти. Материалдык резервдер фондунда коррупционерлер отурат, ачыгын эле айтайын. Марат Кунакунов деген бар ал жерде, бетине айтып коёюн. Ошону албасаңыз заман онолбойт ал жакта. Экинчи, казначейство деген бар бизде, экөө биригип алышкан. Анан баягы он жети жарымдык күйүүчү май боюнча, анын көбү облустарга жетпей эле 90 пайызы Бишкекте эле сатылып кетти. Факты бар керек болсо. 21 сомдон ушул жерде сатышты да кетип калышты. Азыр фермерлер менен сүйлөшүп атышкан болуулары керек. Азыр комиссия түзүп, текшерип койсоңуз болот.
Премьер-министр өз кезегинде бул маселелер да өзүнчө караларын, күч органдары турганын, фактылар болсо аларга чара көрүлөрүн айтып өттү.