Буга чейин Башкы прокуратура Аксы окуясы боюнча депутат Урманаевге кылмыш ишин козгоп, айып тагууга уруксат сурап Жогорку Кеңешке кайрылган. Бул боюнча депутат Дооронбек Садырбаев жетектеген депутаттык комиссия түзүлүп, Аксы трагедиясынын чоо-жайын иликтеп чыгышып, экс-президент Аскар Акаевдин, азыркы президент Курманбек Бакиевдин, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кол тийбестик укугун алып салуу боюнча эл аралык сотко кайрылууну жана ошол кезде мамлекеттик кызматтарда иштеген 41 адамдын жоопкерчилигин кароону сунуштаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаев бүгүн парламент отурумунда сүйлөгөн сөзүндө Башкы прокуратура тарабынан ага карата козголгон кылмыш ишти бийликтин кезектеги саясий оюну катары баалады.
-Бул саясий чечим болуп атат. Баш мыйзамга ылайык Башкы прокуратура, соттор дагы эч кандай саясатка кийлигишпеси керек. Бирок биздин 15 жылдык тарыхта эң жогорку бийлик соттордун, укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын колу менен көп саясий оюндарды жүргүзүп келет.
Урманаев Аксы окуясы боюнча ошол кезде Жалалабад облусунун губернатору болуп тургандыгына байланыштуу моралдык күнөөсү бар экенин мойнуна алып, укуктук жактан эч кандай күнөөсү жок экенин айтты.
2005-жылы 18-мартта Аксы окуясына күбө болгон депутат Нооманжан Аркабаев, ошол кезде мамлекеттик жогорку кызматтагы үч адамды жоопко тартса Аксы окуясына чекит коюлат эле деген пикирин билдирди.
-Бул окуяга ошол кездеги президент Аскар Акаевди, анын тегерегинде чечкинсиздигинен пайдаланып, Акаевди жарга такап, кылмышка түртүп келген Чубак Абышкаев деген бар. Андан сырткары негизги идеолог Аманбек Карыпкулов деген бар кызыл кандуулуктун канын кайнатып турган. Негизги мына ушул үч адамды жоопко тартса Аксы окуясына чекит коюлат эле.
Ал эми президенттин мурдагы администрация башчысы Аманбек Карыпкулов маалымат каражаттары аркылуу Аксы окуясына анын эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.
Депутат Болот Шерниязов болсо сот менен Башкы прокуратуранын өтө эле саясатташып кетүүсү Аксы окуясынын чыгышына негиз болгон, деп эсептейт.
-Аксы окуясынын болушуна Башкы прокуратуранын, соттордун өтө саясатташып кеткенинин негизинде болгон. Сот менен Башкы прокуратура мыйзам менен иштебей бийликтин жогорку эшелону тараптан айтылган көрсөтмөлөрдү аткарып турганын негизинде болгон.
Шерниязов буга мисал Жалалабад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновдун «бийликтин буйругун аткаргам»,- деген сөзүн келтирди.
Депутат Азимбек Бекназаров Аксы окуясына тиешеси бар делип, ошол учурда жооптуу кызматтарда иштеген бир катар инсандардын аты-жөнүн депутаттык комиссия кайдан алышканын Садырбаевден сурады. Комиссиянын төрагасы докладда аталган адамдардын тизмеси Аксыда жабыр тарткандардын, ошол кездеги комиссиянын чечиминин негизинде, күбөлөрдүн сунушу менен тизмеге киргизилгендигин билдирди.
-Топчубек Тургуналиев жетектеген комиссиянын жыйынтыгында биринчи күнөөкөр деп Курманбек Бакиевдин аты аталган. Депутаттык комиссия Аскар Акаевди, өкмөттүк комиссия Курманбек Бакиевден баштап Урманаевге чейин бир катар фамилияларды айтышкан.
Дооронбек Садырбаев ал жетектеген депутаттык комиссия өз алдынча бир дагы адамдын аты-жөнүн жоопкерчиликке көрөстүлгөндөрдүн тизмесине киргизбегенин белгиледи.
Ошентип парламент Султан Урманаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кол тийбестик укуктан ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун добушка коюп, каттоодон өткөн 52 депутаттын 35 каршы добуш берип, Урманаевди кол тийбестик укугунан ажыраткан жок.
Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев болсо депутат Урманаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши убактылуу токтотуларын айтты.
-Бул Урманаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши такыр токтотулду дегендик эмес. Анын үстүнөн козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду.
Сатыбалдиев бул иш кайрадан жанданарын, Урманаев «оор жүктү мойнуна өмүр бою артпай», сотко өз ыктыяры менен барып акталып, же күнөөлөнүп бул маселени аягына чыгарса жакшы болмок деген көз карашын билдирди.
Бишкек гарнизондук соту 1-октябрда Жалалабад шаарында Аксы окуясына байланыштуу маселени кароосу күтүлүүдө. Башкы прократура Аксы окуясы боюнча жаңы жагдайлар боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө ишин аяктап, ишти кароону Жогорку Сотко берген. Жогорку Сот ишти кароону Бишкек гарнизондук сотуна тапшырган эле. Кылмыш иштин негизинде президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Аманбек Карыпкулов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаев, Жалалабад облусунун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергенов, Жалалабад облусунун ички иштер башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Токобаевге айып тагылган.