Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

ЖЕРҮЙ АЛТЫН КЕНИ: ИНВЕСТОРЛОРДУН УЗУН УБАДАСЫ


Таластагы “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө уруксат кагазын алган австриялык “Глобал Голд” компаниясы бул ишке казакстандык “Визор” финансы компаниясын тартып, ушу тапта курулушту баштоодо. Алтын кен курулушун жүргүзүп жаткан “Жерүйалтын” компаниясы бул иштерге 200 миллион доллар акча сарпталарын маалымдоодо.

«Жерүйалтын» компаниясынын жетекчиси Александр Туркот курулуш башкы келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аягына чыгарын билдирип, ушул жылдын июнь айында анын техника-экономикалык негиздемеси жактырылганын, ага кошуп азыр курулушта 500 ашуун киши эмгектенип жатканын кабарлады.

- Курулуш техника-экономикалык негиздеме жакталганга чейин деле жүрүп жаткан. Белгилүү болгондой, курулуш мөөнөтүнө аз убакыт берилген. Азыр биз «Визор» компаниясы менен мына ошол негиздемени ишке ашыруунун аракетин көрүп жатабыз.

Ал эми «Визор» компаниясынын башкаруучу директору Алмас Чукин Кыргызстандагы алтын кенге ири инвестиция жумшай тургандыктарын ырастады.

- Азыркы учурда биз 200 миллион тууралуу кеп кылып жатабыз. Принцибинде бул объект инвестиция жагынан «Кумтөрдөн» кийинки ири долбоор болуп калат.
«Жерүй» кени быйыл жыл аягына чейин алтын казып алууну баштабаса ага берилген лицензияны кайтарып алуу маселеси козголо тургандыгы айтылып келатат. Аны парламент депутаты Болотбек Шерниязовдун да ырастаган жайы бар.

- Декабрда алтын беребиз дейт. Кантип берет?

Б.Шерниязовдун айтуусунда, кыргыз өкмөтү лицензиясын тартып алган Улуубританиялык «Оксус Голд» компаниясы акцияларды теңме-тең бөлүүгө макул болгон.

- «Глобал Голд» компаниясы. Кыргызстан тарапка - 40%, алардыкы - 60%. «Оксус Голд» 50 – 50% макул болгон. Дагы айтып коеюн, «Оксус Голд» компаниясы, муну апрелде айтышкан, эгер декабрга чейин алтын бере алышпаса, бүт техника, фабрикасын таштап чыгып кетүүгө макул болушкан. «Оксус Голд» компаниясы чыгарылгандан кийин буга чейинки кеткен ыгым-чыгымдарын аудитордук эсептөөлөргө таянып, 52 миллион доллар деп аныктап, 100 миллион доллар өндүрүп берүүгө сотко доо арыз менен кайрылган. Башында 100 миллион доллар койсо, бүгүнкү күндө доо-арызын 300 миллион долларга көбөйтүштү.

Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев «Жерүйалтын» компаниясынын техника-экономикалык негиздемеси азырынча бекитиле электигин, анан да курулуш иштери өтөле кымбатка тургандыгын айтып, жаңы жерге которулган фабрика эки-үч жылсыз бүтпөй тургандыгын маалымдады.

- Булар долбоорду жакында эле беришти. Ал да азыр бекитиле элек. Мурдагы компания курулушту 70 миллионго бүтүрсө булар 220 миллион долларга чыгып кетишти.

Александр Туркот иштин кечеңдеп атышынын жөн-жайын өткөн жылкы жол тосуу, жергиликтүү элдин тоскоолдугуна байланыштуу түшүндүрдү.

- Быйылкы жылы биринчи өнөржай алтынын берүүгө биз даяр болчубуз, ошого аракет кылып жатканбыз. Бирок, сиздерге бизден жакшы белгилүү, 5 ай жумуш убактыбызды жоготуп алдык, бизди иштетпей коюшту. Боз үйлөр тигилип, жол тосулуп, башаламандыктар болгонун билесиңер. Мына ушул жагдай объектти ишке киргизүүнү артка жылдырды.

«Жерүйалтын» компания жетекчиси кыргыз өкмөтү менен британиялык «Оксус Голд» компаниясынын ортосундагы эларалык арбитраждык соттогу териштирүү убактылуу токтолуп тургандыгын маалым кылды. Кеткен ыгым-чыгымы, алынбай калган кирешесин кошуп британиялык «Оксус Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүнөн 300 миллион доллар өндүрүп берүү өтүнүчү менен эларалык сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG