Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Аба ырайы


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 29-сентябрда Ысыккөл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жеткен жел жүрөт. Ал эми Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсун +2…+7, күндүз +17…+22 градус.
Талас дубанында түнкүсүн 0…+5, айрым жерлерде 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +15…+20 градус.
Ош, Жалалабат, Баткен облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25 градус.
Ысыккөл өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19 градус.
Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсун +5…+7, күндүз +20…+22 градус болот.

XS
SM
MD
LG