Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

ИРАНДА ТУТКУНГА АЛЫНГАН АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН ИШИ БАШКАЛАРГА МИСАЛ БОЛУУГА ТИЙИШ


Нарын АЙЫП, Прага Жыл башында Тегеранда кармалган төрт америкалык жаран биринин артынан бири бошотулду, бирок анын себептерин бийлик түшүндүргөн жок. Камакта кармалганда болсо алар өлкөнүн эң катуу кайтарылган абагында отурганы белгилүү болду.

Теги Ирандан, бирок АКШ жарандыгын алып, америкалык уюмдар үчүн иштеген төрт адам үстүбүздөгү жылдын башында кармалган, алардын бири - "Фарда" радиосунун кабарчысы Парназ Азима май айында күрөгө бошотулган, калгандары эркиндикке кийин чыкты.

Алар Ирандын коопсуздук кызматынын карамагындагы Тегеран шаарында жайгашкан Эвин деген абакта отурган. Саясий көз карашы үчүн мурда дал ошол абакта жатып чыккан Киямуш Санжаринин билдиргенине караганда, ал абактагы шарт өтө начар: "Мен - ал абакта отургандар андагы абалга чыдабай, өмүрүн кыйган адамдарды да билемин. Мисал үчүн, чет мамлекеттеги ирандык оппозиция менен байланыш түзгөн деп кармалган Хамид Реза Мохаммади өзүн өзү өлтүргөн", - дейт Санжари. Анын айтымында, беш ай жалгыз бөлмөдө отургандан кийин Мохаммади кашык менен өз кан тамырын кесип жиберип өлгөн.

Май айында өз энесинин Ирандагы үйүн 300 миң долларга күрөгө коюп бошогон Азимага паспорту кайтарылып бергенден кийин, ал 18-сентябрда Америкага кайтып келди. Вудро Вильсон институтунда иштеген профессор Хале Эсфандиари 320 миң доллар күрөгө 21-августта бошотулду жана 3-сентябрда Тегерандан учуп кетти. Жорж Соростун Эркин коом институту үчүн иштеген Киан Тажбахш 20-сентябрда бошотулду, анын күрөсү 100 миң доллар болду. Төртүнчү адам, калифорниялык ишкер жана адам укуктарын коргоочу Али Шакери 24-сентябрда 107 миң доллар күрөгө бошотулду.

Дал ошол күнү Иран президенти Махмуд Ахмадинежад АКШга сапар менен келип, Нью-Йорктогу Колумбия университетинин студенттери менен жолуккан, анын эртеси болсо Бириккен Улуттардын сессиясында чыгып сүйлөгөн. Айрым байкоочулардын пикиринде, туткундардын бошотулганы президенттин АКШга болгон сапары менен байланыштуу жана ад аркылуу Тегеран - Батыш менен оорлоп бараткан мамилесин жумшартууну көздөйт.

Америкалык аналитик Билл Самиинин айтымында болсо, бул камактар менен Тегеран башкаларга белги берип жатат: "Аны менен башка ирандыктарга - эгер силер Америка менен кызматташып, режимге каршы аракет көрсөңөр, силер дагы ушундай болосуңар деген белги берилип жатат. Тажбахш, Эсфандиари, Азиманын иштери менен ушундай белги жөнөтүлүүдө", - дейт Самии.

Чет өлкөдө сүргүндө жашаган ирандык журналист Фараж Саркухинин пикиринде болсо, андай коркутуу менен Тегеран өз максатына баары бир жете албайт: "Албетте, алардын кармалганынын себептеринин бири - бийликти сындагандарга белги берүү жана силер өз аракеттериңерди токтотпосоңор, силер да ушундай болосуңар деп айтуу. Бирок андай белгинин өтө деле күчү жок. Жыйырма жылдан бери биз канча андай окуяны көрдүк, күчкө салынып, күнөөнү мойнуна алгандар да болду, бирок ага карабастан, Ирандын өзүнүн ичинде эркиндик үчүн күрөшкөндөр өз аракеттерин улантууда", - дейт Саркухи.

XS
SM
MD
LG