Бул тууралуу Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Досмир Өзбеков айрым маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтымында, аталган комитет менен Орусиянын Миграция кызматы ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, эмгек мигранттары үчүн Москвада атайын терминал курулмакчы. Анда Орусияга иш издеп келгендер жумуш таап, каттоодон өткөнчө белгилүү бир мөөнөткө чейин жашай алат. (ZMa)