Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

«БИР ДҮЙНӨ» ОШ ШААРЫНДА


Кыргызстанда, анын ичинде Ошто биринчи ирет жүрүп жаткан чоң иш-чараны «Жарандык коом коррупцияга каршы» укук коргоо борбору жана дүйнөлүк бир катар уюмдар биргелишип уюштурган. Анда бир нече өлкөлөрдүн инсан проблемаларына багышталган даректүү тасмалары көрсөтүлдү.

Экономикалык жана укуктук реформаларды колдоо фондунун аткаруучу директору Акылбек Ташполотов коомдогу көйгөйлөрдүн аздыр-көптүр чечилишине бүгүнкүдөй даректүү тасмалардын чоң экендигин баса белгилейт. Ошол эле учурда мындай фестивалдар салтка айланса, андан мамлекет утаарына көзү жетет:

- Чындыгында адам укугу боюнча проблемалар өтө көп. Ал проблемалардын чечилиши өтө кыйын. Мындай тасмаларды көрсөтүү элдерге өз ара таасирин берет. Мындай фестиваларды өткөрүү традиция болсо бул өтө жакшы нерсе деп ойлойм.

Карасуу районунун тургуну Бакыт Эргешов тасмага тартылган балдардын тагдырына кабатырлангандыгын жашырбады. Алар үчүн кам көрүп, татыктуу билим алуусуна камкордук көрүү зарылчылыгын айтты:

- Кырыгызстандагы айыл-кыштактардагы балдардын жашоосуна көңүл бурдук. Бул фестивалда таасирленген нерсе бул Кыргызстандагы балдардын келечеги болуп саналат. Себеби 70 пайыз балдар иштешет экен. Балдардын иштегенин азыраак кылып, билим берүүнү көбүрөөк кылсак жакшы болмок.

Ош мамлекттик университетинин студенти Минура Абдысаматова турмуштун улам оорлошуусуна жалпы коомчулук күнөөлүү деп эсептейт. Айрыкча, кайдыгерлик кендирди кесип атканына ичи ачышат. Бардык замандаштарын биргелешип начар турмушту жоюуга үндөйт:

- Ар бир экинчи үй-бүлө ушундай турмушка барууга туура келип жатат. Дегеле бул бир үй-бүлөнүн проблемасы эмес, жалпы коомдун проблемасы болуп жатат. Башка бир үй-бүлөдө болуп жаткан проблеманын себепкери ар бир коомдун мүчөсү, демек мен деп сезишибиз керек.

Алыскы Франциядан келген конок, фестивалда көрөрмандарга сунушталган «Агадездеги акыйкатчылык» киносунун режиссеру Лелон Кристиан адам баласы өз укуктарын таанып, аны үчүн күрөшмөйүнчө, көйгөйлөр азайбайт, тескерисинче, чиелешет деген пикирде:

- Бир нерсени байкадым, Кыргызстанда даректүү фильмдерге анча маани беришпейт өңдөнөт. Албетте, өкүнүчтүү. Себеби, адамдарды оң жана терс сапаттарга тарбиялоодо кинонун мааниси чоң эмеспи. Андыктан, мындай тармакка өкмөт каражатын аябаш керек.

Адам укугуна арналган даректүү фильмдердин фестивалы 29-сентябрда Жалалабат шаарында улантылмакчы. Адистердин баамдоомуна караганда, жогорудагыдай тасмаларды байма-бай калкка тартуулоо элдин укуктук сабаттуулугун артырууга өбөлгө гана түзмөкчү.
XS
SM
MD
LG