Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

БАЛЫКЧЫДА ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРЛЕР ТАНДАЛУУДА


Бүгүн № 69-Балыкчы шайлоо чөлкөмүндө эртең мененки саат 08:00дөн баштап маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге добуш берүү иш-чарасы башталды. Добуш берүү баракчасына он эки талапкердин аты киргизилди. Алар Максат Абакиров, Арстанбек Абдрахманов, Жуман Акулуев, Таалайбек Жумабаев, Узарбек Жылкыбаев, Сабырбек Зайыров, Кубанычбек Кадыров, Динара Калканова, Эмилбек Каптагаев, Бакыт Керимбеков, Бакыт Романов, Жээнбек Сатыбалдиев. Балыкчы шайлоо чөлкөмү боюнча жалпы 30 217 шайлоочу катталган. Түшкү саат 13:00 убактысында катталган шайлоочулардын 25,34 пайызы же болбосо 7 656 адам добуш берүү участкаларына келишкен. «Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө» кодексинин жетимиш бешинчи беренесине ылайык шайлоонун биринчи айлампасында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тең жарымынан көбүнүн коолдоосуна ээ болгон талапкер жеңүүчү табылат. Учурда добуш берүү уланууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG