Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

КЫРГЫЗ ФУТБОЛ КЛУБУ АЗИЯ ФИНАЛЫН ЖЕҢИП АЛДЫ


30-сентябрь түнү Пакистанда Азия Футбол континенталдык федерациясынын президентинин кубогуна арналган турнирдин жеңүүсү аныкталды. Баш байге үчүн Кыргызстандын үч жолку чемпиону - Нарындын “Дордой-Динамо” командасы Непалдын чемпиону “Махендра Полис” менен беттешип, аны 2:1 эсебинде жеңип алды. Ошентип "Дордой" былтыркы жетишкендигин сактап калды. Бул оюнга Пакистандагы кыргызстандыктар да күбө болушту.

Биринчи таймда эле “Дордой-Динамо” демилгени колго алып, эсепти чабуулчу Азамат Ишенбаев ачты.

Экинчи таймда дагы “дордойчулар” артыкчылык кылышты. Чабуулчу Роман Корнилов непалдык дарбазачы тосо албай тургандай таамай топ тээп, эсепти арттырды.

Непалдыктар оюндун акыркы мүнөттөрүндө айып тобун тебүү укугуна ээ болуп, эсепти бирге кыскартышты.

Натыйжада 2:1 эсебинде Нарындын командасы жеңишке жетишип, былтыр утуп алган Азия кубогун сактап калды.

«Дордой-Динамонун» Азия аймагына таанылышы кыргыз футболунун ийгилиги деди Пакистанга команданы баштап барган Жогорку Кеңештин депутаты, клуб президенти Аскар Салымбеков "Азаттыкка" телефон аркылуу:

- Кийинки жылдары Кыргызстанда футболдун деңгээли акырындык менен жогорулап, чеберчилиги менен таанылган командалар пайда боло баштаганы жакшы жышаана. Ушул турнирде (команданын) атаандаштарынан алдыга чыкканы да жакшы жөрөлгө болду. Эми кыргызстандык жигиттер финалда непалдык команда менен ойноп, 2:1 эсебинде биздин жигиттердин жеңиши менен аяктады. Ошентип баш байгени Нарындын «Дордой-Динамосу» экинчи ирет жеңип алып, Кубок жана 50 миң доллардык чек менен сыйланды.

Ал эми экинчи орунду алган Непалдын чемпиону “Махендра Полиске” 25 миң доллар байге берилди.

Азия континенталдык футбол федерациясынын президентинин кубогуна өнүгүп келаткан 8 өлкөнүн командалары катышты.

Кечээ - 29-сентябрда жарым финалда «Дордой-Динамо» Шри-Ланканын чемпиону «Ратнам» командасын 5:4 эсебинде жеңип алган.

Негизги убакытта эсеп 1:1 менен аяктап, кошумча убакыттагы таймашуу да оюндун тагдырын чечкен эмес.

Акыры жекеме-жеке топ тебүү менен жеңүүчү деп “дордойчулар” табылып, спорттук ийгилик аларга ооду.

Бул беттешүүдө «Дордойдун» дарбазачысы Валерий Кашуба атаандаштардын эки тобун тосуп алып, жеңиштин башатында турду.

Жекеме жеке топ тебүүдө команданын капитаны Руслан Сыдыков, чабуулчулар Игорь Кудренко, Роман Корнилов жана Азамат Ишенбаев айырмаланды.

«Дордойчулар» финалга чейин Камбоджанын чемпиону “Кхемара” командасын 4:0 эсебинде, Непалдын чемпиону “Махендра Полисти” 3:0, Тайвандын чемпиону “Татунг” командасын 5:0 менен утуп, өз тобунда биринчини алып, жарым финалга чыккан.

Ал эми “А” тобунун лидери Тажикстандын “Регар” командасы жарым финалда Непалдын чемпиону “Махендра Полис” командасына 2:1 эсебинде жеңилип калып, быйыл финалга чыкпай калды.

2005-жылы бул турнирдин биринчи жолку баш байгесин Тажикстандын чемпиону «Регар» утуп алган эле.

Ал жолу «Дордой–Динамо» экинчи орунда калган.

Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG