Эгерде буга өкмөт тез арада чечкиндүү чара көрбөсө бир, эки айдан кийин өлкөдө кырдаал абдан оор болот. Азыр мамлекеттик резервде 2-3 миң тоннага жетпеген буудай турат. Бишкекте ундун баасы 1450 сомго чыкты, эгерде ушундай темп менен кетсе бир айдан кийин ундун бир килограммы 50-55 сомго чыгат, деди Темир Сариев. Анын айтымында, депутаттын шайлоочулары бийликтин куру убадаларына ишенбей, мамлекет жетекчилеринен көз боемочулукту токтотуусун талап кылышкан. Ал ошондой эле, Чүй боорунда жер айдалбай күздүк эгиндери себиле электигин баса белгиледи. (AJ)