Жалалабадда башталган сот жараянына айыпталып жаткан Садырбек Думанаев, Кубанычбек Токобаев, Зоотбек Кудайбергенов, Аманбек Карыпкуловдун адвокаты Галина Скрипкина катышууда. Карыпкулов ден-соолугуна байланыштуу сотко катыша албастыгын, анын дарылануусу келерки жылдын февараль айына чейин уланарына байланыштуу сот ишин кийинкиге жылдыруу сунушун факс аркылуу Бишкек гарнизондук сотуна жолдогону сот жараянында айтылды.
Жалалабаддагы кабарчыбыз Рыспай Абдыраимовдун маалыматына караганда, жабырлануучулардын адвокаты Сыртпай Жайчыбеков Аксы окуясы боюнча мурда айыпталып, кылмыш иши токтотулган Ш.Осмоновду, Ракишевди жана Д.Кулуевди жоопкерчиликке тартууну жана азыркы сот жараянын Аксыда өткөрүүнү талап кылган. Жайчыбеков Кербенде коопсуздук маселелесине керт башы менен жооп берерин, тартипти камсыз кыла тургандыгын билдирген. Айыпталып жаткан С.Думанаев сотту Аксыда өткөрүүгө макул экенин, талап туура коюлуп жатканын белгилеген.
Кубанычбек Токобаевдин адвокаты Кабаев бул сунушту четке кагып, жабырлануучу тарапта кыжырданган адамдар бар экенин эскертип, сот ишин Жалалабадда эле улантууну өтүндү. Сотко келишкен жабырлануучулар соттон чакыруу барагын алышпаганын, адвокатынан угуп өздөрү келишкенин айтып, муну соттун Аксы окуясына жоопкерчиликсиз мамилеси катары баалашты. (AJ)