“Эки тагдыр” деп аталган даректүү тасманын биринчи бөлүгүндө Жогорку Кеңеш “Матрешка” чатагына тиешеси барлардын бири деп тапкан президенттин иниси Жаныш Бакиев тууралуу баяндалмакчы. Экинчи сюжет Ош шаарындагы “Гули” кафесинде болгон жаңжал жана анын негизинде Алмаз Текебаевдин кармалышына арналат. Аталган партиянын маалымат кызматынын билдиришинче бул тасманын максаты эки адамдын тагдыры аркылуу өлкөдө мыйзамдардын сакталбай жаткандыгын, соттук системанын акыйкат эместигин, майда-барат кылмыш кылган жөнөкөй тургундар камалып, ал эми күнөөсү чоң болсо да мансаптуу туугандарына таянып жазаланбай жүргөндөр бар экендигин чагылдырууну көздөйт. (EBM)