Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бүгүн Бишкекте адам укуктарына арналган даректүү тасмаларды тартуу боюнча жыйын өткөрүлөт. Ага Франциядан келген режиссер, профессор Кристиан Лелон катышат.

Бүгүн Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде “Табият менен сүйлөшүү” аттуу көргөзмө ачылат. Анда жапон сүрөтчүлөрү жапондордун символу болгон “сакура” гүлүн чагылдырган эмгектерин коюшат.

Ольга Мануйлованын үй музейинде сүрөтчү Александр Викторовдун “Кайрадан күз” аттуу жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда кыргыз жерин, табиятты чагылдырган эмгектер коюлган.

Берлинде ушул күндөрү Кыргызстан тууралуу көргөзмө жүрүп жатат. Анда кыргыз улутун чагылдырган тасмалар, фотосүрөттөр сунушталып, чеберлердин колунан жаралган шырдак, ала-кийиз сыяктуу буюмдар көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда. Бул көргөзмө 19-октябрга чейин созулмакчы.

Бүгүндөн тарта Бишкекте “Министрдин кызынын махабаты” көркөм тасмасынын үчүнчү бөлүгү көрсөтүлө баштайт. Фильмдин режиссеру Рустам Аташевдин айтымында буга чейинки эки бөлүгү Бекмырза Рахман уулунун чыгармасынын негизинде тартылган болсо, үчүнчү бөлүктүн сценарийин режиссер өзү жазган.

Бейшемби, жума күндөрү Бишкекте жаш ырчы Ирлан Таалайбеков “Окуучу кыз” аттуу алгачкы жеке концертин тартуулайт. Ирлан мырзанын айтымында концертке бир катар жаш ырчылар катышып, алардын баары мектеп формасын кийишет.

Ишемби күнү Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры күзгү театралдык сезонун ачат. Театрдын көркөм жетекчиси Нурлан Асанбековдун билдиргенине караганда көрүүчүлөргө “Айчүрөк” операсы жана “Бахчисарай фонтаны” балети тартууланат.

Ишебиде ошондой эле Бишкекте джаз музыкасынын кечеси болот. Улуттук филармонияда өтүүчү бул концертке Германиядан джаз өнөрпоздорунун келери күтүлүүдө.

Айжан Шаботоева,Бишкек
XS
SM
MD
LG