“Жаз жарыш, күз күрөш” , "жаздын бир күнү бир жылды багат"- дегендей бул мезгилде айыл чарбасына бардык күчтү үрөө керек. Күзүндө сепкен үрөндүн түшүмүн жыйнап, кампага киргизе турган учур. Өлкө калкынын 65 пайызы айыл жерлеринде жашагандыктан, кыш мезгилинде алардын колдору бошоп, парламентке шайлоону кышында өткөрүү ылайыктуу, деп билдирди мамкатчы Адахан Мадумаров “Азаттыктын” кабарчысына. Анын айтымында, “Мадумаров парламенттик шайлоого катышып, төрага болот экен”,- деген чындыкка коошпогон имиш сөздөр чайканадагы кеп сымал суу кечпейт. (AJ)