Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:58

16:30 А.Байжуманова: Балыкчы округундагы шайлоо таза өткөн жок


Балыкчы шайлоо округунда өткөрүлгөн шайлоодо парламент депутаттыгына талапкерлер шайлоочуларга 50 сомдон 200 сомго чейин акча таркатылгандыгы тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борборунун байкоочулары бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Аталган борбордун байкоочусу Аида Байжуманованын айтымында, шайлоочулардын тизмесинде проблемалар болуп, шайлоо күнү белектерди таркатуу, шайлоочуларды автоунаа менен ташып келүү сыяктуу көрүнүштөрдөн башка, айрым талапкерлер кызматтык абалынан пайдаланган. “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордон 56 байкоочу 26 шайлоо участогунда байкоо жүргүзүшкөн. Борбодук шайлоо комиссиясы №69 Балыкчы шайлоо чөлкөмүндө парламент депутаттыгына шайлоо өткөнүн белгилеп, талапкерлер Кадыров Кубанычбек 26,15 пайыз, Максат Абакиров 17,31 пайыз добушка ээ болушканын бүгүн жарыялады. (AJ)

XS
SM
MD
LG