Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

АКСЫ КҮЙҮТҮ ЖАНА ҮМҮТҮ


Бүгүн Жалалабат шаарында Аксы окуясы боюнча сот иши башталды. Кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айыптар боюнча мамлекеттик төрт кызматкердин үстүнөн козголгон кылмыш ишин Бишкек гарнизондук аскер соту кароодо. Сотто аксылык жабырлануучулар ишти Аскы районунда кароо жана ал окуя боюнча мурда кыскартылган сот ишин бирге кароо өтүнүчтөрүн келтиришти. Айпталуучулардын коргоочусу сотту Аксыда өткөрүүгө каршылыгын билдирди.

Кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталып жаткан төрт кишинин ичинен президенттик администрациянын 2002-жылдагы башчысы Аманбек Карыпкулов ооруп жаткандыгына байланыштуу келе алган жок. Анын адвокаты сот ишин токтотуу же башка учурга жылдыруу тууралуу кабар жиберген. Сот болоору тууралу чакырык кат жетпей, каражаттын тартыш, жолдун алыстыгынан Аксы окуясында жабырлануучулар менен күбөлөрдүн көпчүлүгү сот талкуусуна катыша алган жок. Алардын өкүлдөрү менен коомдук жактоочу Азиза Абдрасулова кылмыш ишин окуя болгон жерде териштирүү талабын коюшуп, ал жерде айыпталуучулардын коопсуздугун сактоо өтүнүчтөрүн келтиришти:

- Жабырлангандар, бул окуяга катышкан күбөлөр өтө көп. Алар 5 жылдан бери Бишкекке каттап атышат, эл кыйналды. Ошондуктан кийинки соттук процессти Аксыда өткөрсөңүздөр. Эч кандай коркунуч болбойт. Соттордун, прокуратуранын кызматкерлеринин, жабырлангандардын, айыпталуучулардын кол тийбестигин камсыз кылабыз деп убада кылганбыз. Кайра да убада беребиз.

Жабырлануучулар депутат Султан Урманаевдин кол тийбестиги алынбагандыгына нааразылыгын айтышты. Адвокат Сартпай Жайчыбековдун сунушу боюнча Аксы окуясы боюнча Башкы прокуратура кыскарткан ишти да ушул иш менен чогуу кароо керек. Анткени, бүгүнкү соттолуучулардын жогорку кызмат орундарында туруп берген буйруктарын Аксыдагы жергиликтуу атка минерлер түздөн түз аткарган. Карыпкулов менен Урманаевдин алты адамдын өлүмүнө алып келген окуяга түздөн түз тиешеси бар. Сотту Аксыда өткөрүүгө негиздер жетиштүү.

- Кулуевдин, Калбаевдин, Шермамат Осмоновдун, Ракишевдин кылымышы кыскартылып калган. Аксылыктардын өтүнүчү менен мен өтүнүч жаздым. Алардын кыскартылган кылмыш ишин кайра козгоо керек. Себеби азыр биз төрт кишини алып келип сурап, буларды соттотуп койгон менен натыйжа болбойт. Ошол жерде кылмышты тикеден-тике аткаргандар турат,- деди Сартпай Жайчыбеков.

Окуя маалында окко кабылган Анарали Назарбеков ошо кездеги жергиликтүү атка минерлер да жоопко тартылсын деген талабын койду:

- Буту менен тээп, далыма чейин сындырткан Осмонов, Ракишев, Кулиевдер болгон. Колума таш карматкандар ошолор. Аксыда команда бергендер ошолор. Эмнеге алар сотко келбейт. Мен ушул бойдон жарым жан болуп кала бербейм да.

Соттолуучулардын бири генерал Садырбек Дубанаев Аксыга барып, көрсөтмө берүүгө даяр экендигин жар салды:

- Эч тартынбайм. Каражыгачта болобу, Карасууда болобу, Кербенде болобу мен баралам. Мен айыпкер катары элдин көзүнчө туруп берүүгө даярмын.

Айыпталуучу Кубаныч Токобаевдин коргоочусу Асек Кабаев сот ишин Аксы районунда улантууга каршы чыкты. Анын айтымында ал жерде коопсуздукту сактоого ишеним жок:

- Мисалы, айыпкерлердин коопсуздугун камсыз кылаарына мен ишенбейм. Жабырлануучулардын өкүлдөрү залда отургандардын кыйкырып сүйлөгөн сөздөрүн тыя албай атышат. Ошондой болгон убакта айыпкерлердин өмүрүнө Аксыдан коркунуч келбейт деп кепилдик бериш менин оюмча чекилик болот.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG