Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

МИГРАНТТАРДЫН КӨБҮ РЕФЕРЕНДУМГА КАТЫШПАЙ КАЛАБЫ?


Ырасмий маалыматтарга ылайык чет өлкөлөрдө жарым миллионго чукул кыргызстандыктар жүрөт. Алардын 300 миңге чукулу Орусияда, 50 миңден ашууну Казакстанда. Ошол эмгек мигранттары, дегеле чет жерде жүргөн кыргызстандыктар 21-октябрдагы жалпы элдик референдумга катышууга кызыкдарбы? Уюштуруу иш-чаралары кандай?

Жалпы элдик референдумдун мөөнөтү чукулдап, ага бир канча гана күн калды. Баш мыйзамда жазылгандай добуш берүү укугунан ар бир кыргызстандык жаран пайдаланууга акылуу жана мамлекет анын добуш берүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүсү абзел. Бүгүнкү күнү ар кыл маалыматтарга ылайык жарым миллиондун тегерегиндеги кыргызстандыктар чет жерлерде жүрүшөт. Айрым бир булактар бул сан миллионго чукулдап барарын да айтышат. Ошондон улам чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын референдумга катышуусу үчүн шарттар түзүлгөнбү, чет жердеги кыргызстандыктарга бул тууралуу маалымат кандай жетип жатат деген сыяктуу суроолор келип чыгат. “Замандаш” ассоциациясынын президенти Жума Абдуллаевдин айтымында, бул жолку референдумга чет жерде жүргөн кыргыздардын кыйласы бара албай калышы мүмкүн. Маселен, Орусия менен Казакстандын эки-үч гана шаарларында Кыргызстандын өкүлчүлүктөрү бар. Ал эми кыргызстандык мигранттар Орусиянын көптөгөн калааларына жайылып кетишкен:

- Бул жолу дагы мигранттардын бардыгы болбосо да көбүн референдумга катыштыралы деген максат менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканбыз. Аны ишке ашыруунун жолдорун, жөндөрүн сүйлөшүп атканбыз, бирок, БШКдан бул тууралуу чечим тескерисинче чыгып калды. Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар жерлерде гана өткөрүлсүн деген чечим болуп калды. Ага эми диаспора жетекчилери, мигрант туугандардын арасында кичине нааразы болгондор бар.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей бул жолку референдумда чет жерде жүргөн жарандар Кыргызстандын элчиликтери, өкүлчүлүктөрү бар жерлерде гана добуш беришет. Министрликтин статс-катчысынын кеңешчиси Бактыгүл Калымбекованын ырасташынча, өкүлчүлүктөр жок жерлердеги кыргызстандыктардын добуш берүүсү үчүн иш-чараларды уюштурууга убакыт тардык кылат. Миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетинин жетекчисинин орун басары Досмир Өзбеков да референдумга байланыштуу азырынча өкмөттөн эч кандай тапшырма түшө электигин айтты:

- Референдум тууралуу өкмөттөн бизге эч кандай буйрук келе элек. Биз аткаруу органы катары буйрук менен гана иштейбиз.

Москва калаасында жашап, эмгектенип келаткан кыргызстандык атуул Шайырбек Сайтмуратовдун айтымында, аны менен чогуу иштешкен кыргызстандыктар референдум боло турганын билишкен эмес. “Эмне референдум, эмнени өзгөрткөн жатышат кабарым жок”,- дейт ал:

- Мени менен көп эле кыргыздар иштейт. Бирок, тааныш кыргыздар бул тууралуу билишпейт. Мен силерден биринчи жолу угуп атам. Элчиликке барсаң, жумушуң менен гана барасың. Кыскасы маалымат жок. Эмне туураалуу, кандай референдум болот билбейм.

Ошол эле Москва калаасындагы “Голден полиси” ресторанында иштеген дагы бир кыргызстандын жараны Анвар Мукашевдин айтуусуна караганда, аны менен чогуу иштешкен элүүдөн ашык кыргызстандыктардын референдум тууралуу кабары деле жок:

- Биринчиден, эч кимдин деле кабары жок. Мисалы, бизде элүүдөн ашык кыргызстандыктар иштейт, алар андайдан кабарсыз. Экинчиден, жумушту таштап, убакытты коротуп референдумуна барбайт деле болчумун.

XS
SM
MD
LG